• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Оштогу сафлорду кайра иштетүүчү агроөнөржай комплексине барды

Президент 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта өлкөнүн Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ош облусунун Өзгөн районундагы «Аталык-Өзгөн» ишканасынын «ЭлДан Аталык» агроөнөржай комплексине барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы жергиликтүү фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо, чеснок жана сафлор өстүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ишкананын ишмердиги менен таанышты.

«Аталык-Групп» ЖАК башкы директору Турат Укубаев бул долбоордун алкагында машина-трактордук станциясы түзүлүп, Өзгөн жана Кара-Суу районунун 203 фермерине 20 тонна чеснок үрөнү берилип, ал 20 гектар жерге айдалганын айтып берди.

Ошондой эле кубаттуулугу күнүнө 50 тонна сафлор майын кайра иштетүү цехи курулду.

Турат Укубаев сафлор кайрак жерде өсөөрүн жана көп суу талап кылбаганын белгиледи. Бул аймак аны өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Жергиликтүү фермерлер сафлорду өздөрү өстүрүшүп, аны кайра иштетүүгө цехке өткөрө алышат.

Мындан тышкары ишкана айыл чарба техникасын лизингге алуу, тейлөө, айыл чарба азыктарын сатуу жана азыктардын коопсуздугун аныктоочу лаборатория иштери менен дагы алектенет. Бардыгы болуп ишкананы жаңылоого 3,5 млн АКШ доллары сарпталган.

Президент Сооронбай Жээнбеков, ишкананын иши жана анын жетекчилигинин пландары менен таанышып, мындай ишкананын аймактардагы маанисин белгиледи.

«Бир ушундай ишкана аймактын көпчүлүк тургундарын жумуш менен камсыз кыла алат. Мамлекеттин эң маанилүү максаттарынын бири болуп аймактардагы кайра иштетүү ишканаларын көбөйтүү жана колдоо болуп саналат. Силердин компания өз ишмердигин Чүй областынан баштаган, эми минтип Ош облусуна да филиал ачып отурасыңар», — деп белгиледи Президент жана ишкананын жетекчилиги менен жамаатына жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий