• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0


Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Ал пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу толугу менен берилет:

«Урматтуу Дастан Артисбекович!

Урматтуу депутаттар!

Азыр эле жалпы элибиздин алдында жаңы шайланган Өкмөттүн мүчөлөрүнүн берген антын кабыл алдык.

Адегенде өзүнө жооптуу милдеттерди алып, жаңыдан ишке киришкен Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылгым келет.

Урматтуу Өкмөттүн мүчөлөрү!

Бүгүн кыргыз элине, кыргыз мамлекетине ак ниетиңер менен жан үрөп иштеп берем деп ант бердиңер.

Берген антыңарга бекем туруп, өлкөбүз үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшайсыңар деп үмүттөнөбүз.

Силер оор кырдаалда, өтө жооптуу мезгилде кызматка киришип жатасыңар.

Жүктөлгөн милдеттерди бийик абийир, жогорку жоопкерчилик менен аткарып, кырдаалды тез арада оңдой турган антикризистик Өкмөт болосуңар деп ишенебиз.

Кимдин ким экени, унчукпай кылып жаткан иши да, курулай, карандай гана сөзү да ушундай мезгилде билинет.

Силердин ишиңер элибиз тарабынан, кыска эле мезгилде сыналат.

Азыркы кырдаалда Өкмөттүн жаңы курамы, негизги үч милдетти өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыты катары аныкташы зарыл.

Алар — азыркы глобалдык илдеттин кесепеттерин жоюу, экономиканы калыбына келтирип, өнүктүрүү жана келе жаткан шайлоолорду адилет өткөрүү.

Учурдагы эң актуалдуу маселе — бул коронавирус илдети менен болгон натыйжалуу күрөш экендиги айтпасам да түшүнүктүү.

Азыр мурда болуп көрбөгөндөй өзгөчө кырдаалды башыбыздан кечирип жатабыз.

Капыстан келген илдеттен калкыбыздын ден соолугун, өмүрүн натыйжалуу коргоо үчүн кадимки жай турмуш эмес, катаал күрөштүн шартында иштеп жатабыз.

Биздин өлкө гана эмес, жалпы дүйнө мамлекеттеринин баары бул сыноого туш болду.

Азыркыга чейин вакцина табыла элек, илдеттен кутулуунун даяр жолу жок.

Ар ким кырдаалдан чыгуу үчүн өз жолун издеп, түрдүү ыкмаларды колдонуп жатат.

Биз азыркы кыйын мезгилден чыгуу үчүн элибиздин ынтымагына, коомубуздун биримдигине таяндык.

Ыкчам түрдө өзгөчө абал режимин киргизүү — өлкөбүздү пандемия коркунучунан сактап калууга өбөлгө түзгөн.

Тартипти, санитардык–эпидемиологиялык нормаларды бекем сактап, кырдаалды көзөмөлдө кармадык.

Инфекцияны жугузуунун темпи төмөндөй баштаган.

Ошол эле учурда экономикалык чөйрөнүн ишке жөндөмдүүлүгүн сактап калуу муктаждыгына туш болдук.

Ошондуктан, өзгөчө абал алынып, өзгөчө кырдаал режимин гана калтырдык.

Тилекке каршы, өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатат.

Буга чейин жетишкен натыйжалар жокко чыгуу коркунучуна туш болду.

Айрыкча, Бишкек шаарында ооруну жугузгандардын саны көбөйдү.

Буга медициналык талаптардын сакталбаганы негизги себеп болууда.

Тилекке каршы, коомдук жайларда, өндүрүш ишканаларда, транспортто, ири соода жайларында санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай жатат.

Көп адамдар катышкан аш-тойлорду, эл көп чогулган башка салтанаттарды өткөрүү кайрадан башталды.

Бул илдеттин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат.

Айрымдардын „илдет жок, бул — саясат“ дегендерине эл ишенип, адамдар жалган сөздүн курмандыгы болгону турат.

Мен кайталап эскертейин — бул оорунун коркунучу азыр да сакталууда.

Андан бир гана Кыргызстан жапа чегип жаткан жок.

Жалпы дүйнө жабыркап, көптөрдүн айласы кетип жатат.

Азыркы кырдаалда Өкмөттүн негизги милдети — мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишин мобилизациялап, элибиздин ден соолугун коргоо, журтубузду ушул илдеттин жайылуусунан сактап калуу.

Бул иште эч ким четте калбайт.

Баарыбыз тең Өкмөткө колдоо көрсөтөбүз.

Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими азыркыга чейин алына электигин дагы бир жолу кайталайм.

Комендатуралардын иши токтотулуп, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген.

Алардын аймактык-граждандык коргонуунун жетекчиси катары укуктары күчүнө кирген.

Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, райондордун акимдерине, айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине жүктөлгөн.

Чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Бирок, кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз.

Экономикалык ишмердик чектелбегени менен, санитардык чектөөлөр алынган жок. Жарандар, ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү.

Жогоруда айтылгандай, ынтымак, биримдик менен кыйынчылыктарды жеңебиз.

Жарандык жоопкерчилик менен тартипти сактап, медициналык нормаларды бузбасак, Кудай буюрса, бул сыноодон татыктуу өтөбүз.

Медиктерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн.

Акыркы күндөрдөгү кырдаалды эске алып, ооруканаларда кошумча орундар даярдалды. Республикалык штаб ооруга чалдыккандарды кабыл алуу, дарылоо, консультация берүү ишин ыкчам уюштурууга, жөнгө салууга милдеттүү экенин эске салам.

Урматтуу мекендештерим,

Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги менен катар жарандарыбыздын жоопкерчилиги да азыркы учурда чоң мааниге ээ.

Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын, өзүбүздүн жана элибиздин ден соолугу үчүн ар бирибиз жоопкербиз.

Калкыбыздын ден соолугуна кайдыгерлик кылып, элге душмандык кылбайлы.

Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты.

Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык!

Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык!

Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт.

Акыркы убактарда дал ушул массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатат.

Республикалык штаб, жергиликтүү бийлик мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акыңар жок!

Тиешелүү талаптарды сактабагандардын баарына мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек.

Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жетти. Ар бирибиз жоопкерчилик менен аң-сезимди өзгөртпөсөк — илдетти жеңүү мүмкүн эмес.

Азыркы Өкмөттүн экономика багытындагы кечиктирилгис милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

Өкмөт, биринчи кезекте, кризиске байланыштуу тобокелдиктерди эске алуу менен, бардык чыгашаларды так аныктап чыгышы зарыл.

Бардык тобокелдиктердин алдын алып, бюджеттик резервди калыптандыруу милдети турат.

Мамлекеттик карызды жоюу же мөөнөтүн узартуу боюнча өнөктөш өлкөлөр жана финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл.

Донорлордон келген каражаттардын максаттуулугун камсыз кылуу менен бирге жарандарга толук жана ачык маалыматты берүүнү талап кылам.

Кийинки максатыбыз — бюджеттин аткарылуусун камсыздоо.

Ошондуктан, бизнеске болгон административдик басымды азайтуу жана адамдык факторду жокко чыгаруу үчүн фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруу керек. Бул процессти тездетип, толугу менен киргизүү талап кылынат.

Товарлардын көмүскө айлануусун жана мыйзамсыз ишкердикти кыскартуу максатында электрондук счет-фактуралары, онлайн контролдук-кассалык машиналары киргизилүүдө. Бул багыттагы иш-аракеттер кечиктирилбей, өз мөөнөтүндө аткарылышы керек.

Кийинки этапта товарларды маркирлөө жана алардын айлануусун көзөмөлдөө системалары ишке кирет.

Аны менен катар азыркы учурда Өкмөт бизнестин ишин тескөөдө жаңы, учурдун талабына ылайык кадамдарга барууга милдеттүү.

Экономикалык жоготуулардын ордун толтуруп, кырдаалды калыбына келтирүү үчүн бизнестин үнүн угуп, ишкерлерди колдоо керек.

Мен акыркы мезгилдерде бизнестин өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрдүм, айрымдарын кабыл алдым.

Ишкерлердин учурдагы көйгөйлөрү тууралуу толук маалыматым бар.

Бизнес менен болгон жолугушууда айтылган, тез чечүүнү талап кылган жагдайларды Өкмөт мүчөлөрүнө айта кетейин.

»Көмүскөдө иштеп жаткан бизнести легалдаштыруунун начарлыгынан улам, салыктын жүгү ак ниет иштеп жаткан ишкерлерге гана артылууда« деген кайрылуу болду.

»Укук коргоо органдары жана соттор эффективдүү коргоочу жана адилеттүү арбитр катары толук кандуу иштерди камсыздай албай жатат. Буга байланыштуу ишкерлер жана инвесторлор эл аралык арбитражга кайрылууга аргасыз болууда« деген дооматтар айтылды.

Азыр бардык бийлик органдары өлкөнүн экономикалык потенциалын сактап, аны өнүктүрүү максатында бизнести колдошу абзел.

Ушул багытта кечиктирбей, ыкчам түрдө аткарылчу милдеттер бар.

Аларга төмөнкүлөр кирет:

Эл аралык арбитражга чейин жетип жаткан көйгөйдү чечүү максатында — салыктык чырларды кароо үчүн адистештирилген сотторду киргизүү зарыл.

Аны менен катар, экономикалык кылмыштарды декриминализациялоо жана алдын алуу механизмдерин өнүктүрүү керек.

Мындан ары Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин укугун бузуу фактылары өзгөчө көзөмөлгө алынат. Жакында эле атайын бөлүм ачылды.

Салык же башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактыларын тескөөгө финансы полициясы жана салык кызматы гана укуктуу.

Башка укук коргоо органдардын бизнестин чарбалык иштерине кийлигишүүсү токтотулган.

Импортту тескөө процессиндеги автоматташтырылган салмактык көзөмөл системасы менен салыкты төлөө базасын интеграциялоону тездетүү керек.

Санариптик колтамга, электрондук уруксат кагаздары жана лицензиялоо механизмдерин өнүктүрүү абзел.

Мындан тышкары финансылык кызматтарды аралыктан алууга багытталган инструменттерди киргизүү, онлайн соода жүргүзүү боюнча инфраструктураны түзүү зарыл.

Андан сырткары, кризистин шартын эске алуу менен ишкерлерди каржылоодогу талаптарды да жеңилдетүүгө мезгил келди.

Гарантиялык фонддун капиталдаштыруусу жогорулатылат.

Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга ресурстарды берүү көбөйтүлөт.

Орус-Кыргыз фонду, мамлекеттик финансы институттары тарабынан элеттик ишкерлердин долбоорлорун каржылоо көбөйөт.

Өз кезегинде бизнес өкүлдөрүнөн мамлекетчилдикти, социалдык тилектештикти көрсөтүп, ар кандай шектүү схемаларга катышпай, салыктан, социалдык төлөмдөрдөн качпай, таза иштөөсү талап кылынат.

Мындан сырткары, азыркы дүйнөлүк апааттын кесепеттерин эске алып, башка тармактарга да айрым өзгөртүүлөрдү киргизебиз.

Алар, биринчи кезекте, медицина жана билим берүү тармагына тиешелүү болот.

Саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн чечкиндүү реформаларды ишке ашырабыз. Мында негизги басым санариптештирүүгө жасалат.

Жыйынтыктап айтканда, Өкмөттүн мүчөлөрүнөн жаңы шартта ишкерлерди, медиктерди, мугалимдерди колдоо үчүн жаңы кадамдарга баруу талап кылынат.

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү!

Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат.

Биз шайлоо эрежелеринин алдын ала белгилүү жана туруктуу болуусуна жетишүү максатында эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделсин, андан кийин өзгөртүүлөр киргизилбесин деген убадабызды аткардык.

Боло турган шайлоого укук жагынан сапаттуу даярдык көрдүк. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди.

Шайлоо адилеттигин добуш берүү жана аларды эсептөө учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууну көздөп жатабыз.

Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзамды кабыл алып бердиңиздер.

Бул мыйзамдар алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн адилеттигин жана сапатын жакшыртуу үчүн жасалган чоң кадам болот.

Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү!

Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм.

Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт.

Эл арасында „тигил же бул партия Президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен“ деген сөздөрдү угуп жатам.

Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү.

Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам.

Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн.

Бирок, Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок.

Менин тирегим — эл.

Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам.

Бир Кудайга, анан элиме ишенем.

Менде мына ушундай ички эркиндик бар.

Алдыда келаткан шайлоодо мына ошол ички эркиндигиме таянып, баарына бирдей, калыс шарт түзүп берүүгө аракет кылам.

Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.

Урматтуу депутаттар!

Урматтуу саясий партиялардын өкүлдөрү!

Шайлоонун таза өтүшү менден жана Өкмөттөн гана көз каранды эмес.

Ушул залда олтурган депутаттардын көпчүлүгү кайрадан шайлоого аттанат деп ойлойм.

Мен сиздерди да, калган бардык партияларды да, шайлоону таза өткөрүүгө чакырам.

Өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликти унутпоону өтүнөм.

Үгүт иштерин жүргүзүүдө ыплас шайлоо технологияларын пайдаланбай, „асмандагы айды алып берем“ деп, элди куру убада менен алдабай, реалдуу программанын негизинде шайлоо өткөрүү — ар бир партиядан, ар бир талапкерден көз каранды.

Албетте, шайлоонун алдында ар кандай убадаларды берүү — табигый көрүнүш.

Бирок, ар бир партия, ар бир талапкер өз убадасы үчүн эртеби-кечпи жооп бергенди үйрөнүү керек.

Шайлоо өнөктүгүн, саясий күрөштү өз жолу, өз нугу менен өткөрүп, мамлекеттин келечегине аяр мамиле кылалы.

Жалпы өлкөбүздүн кызыкчылыгы, коомдун биримдиги, элдин ынтымагы — бул бардык саясий күчтөр үчүн бирдей кымбат баалуулук экенин эстен чыгарбайлы.

Коомубуздун ачыктыгын пайдаланып, карандай калпты элге таңуулап, провокацияга баргысы келгендер да чыгат.

Саясатчылардын мындай жоопкерсиздиги — мамлекетибиздин коопсуздугуна, элибиздин тынч турмушуна терс таасир этет.

Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз.

Элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем.

Бардык саясий партиялар, саясий күчтөр муну эсиңерден чыгарбагыла.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандык коом ачык, массалык маалымат каражаттары эркин, парламент күчтүү болушу абзел.

Парламенттин күчтүү болушу, анын курамынын сапаты — партиялардын түзгөн тизмесинен көз каранды.

Партиялардын парламентке келишин, же келбешин сиздердин добушуңуздар чечет.

Шайлоо өтөт, андан кийин да мамлекетибизди алга сүрөп, өлкөбүздү өнүктүрүү милдети турат.

Элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга, калкыбыздын ден соолугун чыңдоого, жаштарыбыздын билимин жогорулатууга жан үрөп иштей турган чыныгы эл өкүлдөрүнө муктаж болобуз. Ошондуктан, „жети өлчөп, бир кесип“, куру убадага алданбай, нукура элдин өкүлдөрүн шайлап бересиздер деп ишенебиз.

Урматтуу Дастан Артисбекович!

Урматтуу депутаттар!

Учурда Жогорку Кеңештин дээрлик 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатасыздар.

Жакында сиздер элге барып, шайлоочулар менен жолукканда да ар кандай ойлор айтылат. Анын ичинде сиздердин ишиңиздер да бааланат.

Жогорку Кеңештин ишмердиги жөнүндө коомчулук тарабынан бир катар сын-пикирлер айтылып келет.

Бул ачык коомдогу табигый көрүнүш.

Бирок, калыстык үчүн, так ушул алтынчы чакырылыштагы депутаттар тарабынан өлкөбүз үчүн абдан маанилүү чечимдер кабыл алынганын айта кетейин.

Жалпылап айтканда, параламенттин ушул курамы тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечимдердин көпчүлүгү кабыл алынганын эч ким төгүндөй албайт.

Бул ойду бышыкташ үчүн Жогорку Кеңештин айрым чечимдерин белгилесек болот.

Шайлоо өнөктүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, сот-укуктук реформасын ишке ашырууга багытталган мыйзамдар парламенттин ушул чакырылышы тарабынан кабыл алынды.

Мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөөгө бөгөт коюну жана коррупциялык укук бузгандарды билдирген адамдарды коргоону көздөгөн мыйзамдар ишке киргизилди.

Антикоррупциялык саясаттын негизги куралы болгон өлкөбүздү санариптештирүү иши парламент тарабынан жигердүү колдоо тапты.

Көптөн бери ишке ашпай жүргөн „Коопсуз шаар“ добоорун баштоого, жөлөкпулдарды тескөөнү санариптештирүүгө багытталган кадамдар жасалды.

Коомдо резонанс жараткан, анын ичинде, ири коррупциялык схемалар жөнүндө маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Сот системасындагы, укук коргоо, бажы жана салык органдарындагы коррупциялык иштердин парламент аркылуу ачыкка чыгарылганы да коомчулукка белгилүү.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын дагы бир өзгөчөлүгү — бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер менен интеграциялык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган чечимдердин көбү ушул чакырылышта кабыл алынганы болду.

Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын арттыруу максатын көздөп, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн аймагында өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоого багытталган мыйзамдардын пакети ушул чакырылышта кабыл алынганын белгилеп кетүү абзел.

Урматтуу депутаттар!

Кийинки жылдары өлкөнүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлиги эриш-аркак иштеди.

Мындан биринчи кезекте эл утту, мамлекет утту.

Мен Мамлекет башчысы катары өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта иштөөсүн камсыз кылууга умтулдум.

Бардыгы эле ойдогудай болуп кеткен жок.

Бирок, биримдикте алгылыктуу натыйжаларга жетише алдык.

Эң негизгиси — өлкөдө тынчтык, коомдо стабилдүүлүк, улуттар арасындагы ынтымак сакталды.

Парламент жана өкмөттүн колдоосу менен президенттик ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу багыттары аткарылып жатат, улуттук долбоорлор ордунан жылды.

Булар — аймактарды өнүктүрүү, экономикабыздын экспорттук потенциалын, айрыкча кайра иштетүү тармагын колдоо, сот-укуктук реформасын ишке ашыруу, коррупция менен күрөшүү, өлкөнү санариптештирүү.

Ал эми калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация программалары — менин уктасам да, турсам да оюмдан кетпеген иштерим.

Бул багыттагы долбоорлор өз ырааты менен ишке ашып жатат. Иш токтобойт, менин жеке көзөмөлүмдө улантылат.

Региондорду өнүктүрүү үчүн, бир жагынан олуттуу салыктык жеңилдиктер берилди, экинчи жагынан аймактык долбоорлорду каржылоо кескин көбөйтүлдү.

ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттерге айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүү үчүн жасаган ишибиздин алгылыктуу жыйынтыгы бар.

Бир гана фактыны айта кетейин.

Азыр ЕврАзЭске экспорт жасачу ишканалардын саны дээрлик 7 эсеге өстү.

2017-жылы алардын саны 21 болсо, бүгүнкү күндө 140тан ашты.

Андан сырткары, Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон товарлардын көлөмү былтыр 25 пайызга өстү.

Албетте, пандемия жалпы ишке, анын ичинде экспортко кедергисин тийгизүүдө. Буга чейин иш жакшы темпте болуп жаткан.

Биздин экспорттук потенциалыбыз жогору. Экологиялык таза продукцияларыбыз менен тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алабыз.

ЕврАзЭс, Европа өлкөлөрү менен гана чектелбестен, жакынкы коңшубуз Кытайдын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн да толук пайдалануубуз керек.

Кытай тарап менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр болгон. Ал биз үчүн ири рынок, ортодо тоскоолдуктар жок. Буга чейин 5-6 позицияда Кытайга экспортко чыгып жатсак, эми муну көбөйтүү керек. Бул багытта Өкмөт тынбай иш алып барууга милдеттүү.

Социалдык тармакта эмгектенгендерди мамлекет тарабынан колдоо иши аткарылып жатат.

Үй-бүлөлүк врачтардын айлыгы орто эсеп менен 22 пайыздан 30 пайызга чейин жогорулады.

Президенттикке талапкер катары, „биздин өлкөдө мугалим жогорку эмгек маяна алчу адистердин катарында болушу керек“ деп айткам. Бул убадамды унуткан жокмун. Мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга көбөйдү. Мындан ары да көбөйтөбүз. Баарыбыз биргеликте мугалимди коомубуздагы эң ардактуу кесип кылууга милдеттүүбүз. Анткени, өлкөнүн келечеги мугалим агай-эжелерибиздин колунда.

»Арзан турак жай« программасынын алкагында 16 миңден ашык жарандарыбыз турак жай менен камсыз болду.

Мамлекеттик ипотека менен турак жай алуу үчүн берилчү үстөк пайыз 14 пайыз менен башталган. Азыр ал 6 пайызга түштү.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөдө адилет сот системасы орномоюн, мамлекет өнүкпөйт.

Катардагы жарандарыбыздын укугу корголбойт.

Сот-укуктук реформа кайсы мамлекетте болбосун жеңил-желпи ишке ашпайт.

Бизде да эң оор реформалардын бири мына ушул сот-укуктук реформа болууда.

Реформага киришип жатып, мен соттордон „Реформа жасаш үчүн эмне керек?“ деп сурадым. Сот корпусу „саясий эрк жана акча каражаты“ деди.

Менде сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар.

Бул менин президенттик ишимдин маңызы.

Анткени, карапайым калктын укугу адилеттүү сот системасы орногондо гана корголот.

Акыркы эки жылда сот системасына республикалык бюджеттен каражат жетиштүү жумшалып, өтө чоң колдоо болду.

Санариптештирүүгө каражат үзгүлтүксүз бөлүнүп турду.

Имараттар оңдолду.

Кыскасын айтканда, саясий эрк бар, каражат жетиштүү.

Бирок, соттордун абийири болбосо, саясий эрк жана акча каражаты системаны жаңыртууга жетишсиз экенин биздин турмушубуз көрсөтүүдө.

Сот реформасынын ийгилиги — ар бир соттун абийирине түздөн-түз байланыштуу.

Башка реформалар сыяктуу эле сот реформасы токтобойт.

Каршылык көрсөтүүлөргө карабастан, реформанын натыйжасына жетишүү үчүн болгон аракетти жумшап жатабыз, улантабыз.

Коррупция менен күрөшүү — менин президенттик ишимдин ири багыттарынын бири. 2018-жылдан бери коррупция менен байланышкан 900гө жакын кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген.

Аталган иштер боюнча мамлекеттик бюджетке кайтарылган каражаттын суммасы 11 млрд. сомдон ашты.

Атап айтканда, салык жана бажы органдарында, Транспорт министрлигинде, „Кыргыз темир жолунда“, Мамлекеттик каттоо кызматында, Экотехникалык коопсуздук боюнча инспекциясында, сот органдарында жана Финансы полициясында орун алган коррупциялык схемалар ачыкка чыгарылды.

Жакында эле темир жолдогу ири коррупциялык схема ачыкталды.

Бул кечээ жакында эле пайда болгон схема эмес, он жылдап иштеп келген көмүскө схема.

Эмнеге ачыкталган эмес? Анткени, текшерүүчү укук коргоо органдары да бул коррупциялык схеманын катышуучулары болгон.

Биз ичип, жеген аткаминерлер менен гана эмес, аларды жаап-жашырып, кошо табакташ болуп келаткан укук коргоо органдарынын да бетин ачышыбыз керек. Аларга карата да аёосуз күрөш жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодо, Тарых музейин реконструкциялоодо, ат майданын жана башка объекттерди курууда коррупциянын фактылары мурдараак аныкталганын билесиздер.

Коррупция менен күрөшүүдө коомчулукка көп жарыяланбай, бирок алгылыктуу иштер жасалып жаткан дагы бир багыт бар.

Бул — мыйзамсыз таратылып кеткен жерлерди борборубуз Бишкекке, элге кайтаруу.

Сиздер билгендей, ал жерлерде бишкектиктер жана шаарыбыздын меймандары эс ала тургандай, Бишкектин „жашыл шаар“ деген даңкын кайтаруу максатында сейил бак, парктарды куруп жатабыз.

2019-жылы 10 гектар аянт жерге шаардыктардын сүймөнчүгүнө айланып калган „Ынтымак“ паркы бүттү.

Быйыл 10 гектардан ашык жерге Ч.Түлөбердиев атындагы парк курулду.

Дагы 44 гектардан ашык жерге мэрия беш парк курууда.

Мыйзамсыз таратылып кеткен жерлерди Бишкектин менчигине, элдин энчисине кайтаруу улантылат.

Мында Бишкек мэриясы жакшы иш алып барууда.

Мен, албетте, Мамлекет башчысы катары бул аракеттерди толук колдойм.

Мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин, бала бакчаларды, социалдык объектилерди кайтаруу иши бардык шаар, облустарда улантылат.

Бишкек шаарына кайтарылган жерлерде, борбордун жогорку зонасында жаштарыбыз үчүн ири спорт сарайы курулат. Буйруса, бул жаштарыбызга белек болуп калат.

Ошол жерлерди шаардыктардын эс алчу борборуна айлантабыз.

Урматтуу мекендештерим,

Коррупцияга каршы күрөштө көптөгөн тоскоолдуктар болууда.

Бирок, ага карабай, бул күрөштү токтотпойбуз, улантабыз.

Албетте, мага адам катары жеңил эмес. Бирок, Президент катары бул жолумдан тайбайм.

Бул күрөштө негизги курал катары санариптештирүүнү толук колдонобуз.

Өлкөнү санариптештирүү — туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү.

Биз, албетте, бир кыйла кечиктик. Бирок кыска мезгилдин ичинде жалпы күч-аракеттер менен өлкөнү санариптик трансформациялоо багытында көп иштер аткарылды.

Мамлекеттик органдардагы кагаз бюрократиясын жоюуга багытталган „Түндүк“ системасы ишке киргизилди.

Ага 64 мамлекеттик орган жана 38 коммерциялык уюм кошулду.

Элибизге 191 мамлекеттик кызматтар жана сервистер санарип форматында көрсөтүлө баштады.

Эки жылдын ичинде „Түндүк“ системасы аркылуу 38 миллион транзакция — маалымат алмашуу болуп өттү.

Ал эми жыл башынан ушул убакка чейин эле 51 млн. транзакция болду.

14 справка автоматташтырылып, натыйжада беш миллиондон ашык кагаз справкаларын жарандар кезекте турбастан, онлайн түрдө маалымат ала алды.

Бул — бюрократия кыскарып, кагаз, убакыт үнөмдөлүп, жарандардын түйшүгү азайды дегендин далили.

Учурда укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, жалпы эле элге кызмат көрсөтчү бардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү процесси активдүү жүргүзүлүп жатат.

Бул адам факторун жоюп, жарандарыбызга ыңгайлуу шарт түзөт.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри иштей баштады.

Азыркы мезгилде 90го жакын сот залы аудио-видео жазуу системалары менен жабдылды.

2019-жылдын февралынан тартып, „Коопсуз шаар“ долбоору ишке киргизилди.

Бул жол кырсыктарынын деңгээлин Бишкек шаарында 42 пайызга, Чүй облусу боюнча 50 пайызга кыскартууга мүмкүнчүлүк берди.

Азыр „Коопсуз шаар“ долбоорунун негизги этабын ишке ашырууга даярдыктар көрүлүүдө.

Ал 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калк жашоочу пункттарды камтыйт.

Кайгуул милициясын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Бишкек шаарында жаңы санариптешкен командалык борбор иштеп баштады.

Анда байкоо жүргүзүү камералары, анын ичинде адамдардын жүзүн таануу функциясы бар камералар аркылуу шаардагы кырдаалга онлайн мониторинг жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарында Кайгуул милициясын ишке киргизүү долбоору коомчулукка, элге пайдасын алып келе баштады.

Ийгиликтүү ишке ашты десек болот.

Бул долбоор Ош шаарында да башталат. Азыр талапкерлерди тандоо үчүн сынак жарыяланды.

Бул долбоор менин жеке көзөмөлүмдө экенин билесиздер.

Жалпысынан Ички иштер министрлигинде туташ реформа жасалды.

Натыйжада, борбордук, облустук аппараттын штаты кыскарып, анын эсебинен участкалык милициянын штаты жана балдар менен иштеген инспекторлор көбөйдү.

Бул аймактардагы кылмыштуулуктун санын азайтат.

Мындан аркы иш негизинен аймактарды санариптештирүү багытында жүргүзүлөт.

Ушул жылдын аягына чейин „Санарип Аймак“ платформасынын алкагында бардык айыл өкмөттөр санариптешет деген талап коюлган.

Буйруса, бул милдет аткарылат.

Урматтуу мекендештерим!

Буга чейин эч жерде айткан эмес элем, бүгүн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кетейин.

Мен мамлекеттин башчылыгына келгенимде тышкы саясатта чиелешип калган маселелерди, коңшулар менен акыркы жылдары курчуп кеткен мамилелерди мураска алдым.

Тышкы саясаттагы түйүн болуп калган маселелерди чечүүгө көп убактымды жана энергиямды короттум.

»Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык« демекчи, коңшуларыбыз менен мамилени түздөп, алардын бизге болгон ишенимин бекемдөө аракетине менин президенттик алгачкы бир жылдык убактым кетти.

Кайсы өлкөгө барбайын, чечилбей келаткан майда жана ири маселе, күмөн саноо турду.

Мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына доо кетирбей, ошол эле учурда алыскы жана жакынкы өнөктөштөрдүн ишенимине татыктуу болуу максатында таза ниет менен кадам жасап, мамиле түзүүгө болгон аракетимди жумшадым.

Кудайга шүгүр, улуттук кызыкчылыктарга таянган жаңы прагматикалык тышкы саясатыбыз бир нукка салынды.

Союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен алакабыз бекемделип, батыш-европа жана араб өлкөлөрү менен болгон мамилелер жаны деңгээлге чыкты.

Азырынча чек ара маселеси, өзгөчө тажик багытында татаал бойдон калууда.

Казак боордошторубуз менен ЕврАзЭСте чогуу болсок да, айрым көйгөйлөр чыгып турат.

Бул элдин нааразылыгын жаратып келаткан маселелер.

Түшүнүп турам, элибиз ыкчам чечүүнү талап кылат.

Бирок, бул маселелер бир тараптуу эмес, коңшулардын катышуусу менен чечилет.

Албетте, бул маселелерди чечип, жагдайды ордуна коюу — канчалык олуттуу жана татаал экенин сиздер жакшы билесиздер.

Ошол эле учурда бул иш куру кыйкырыкты эмес, кылдаттыкты талап кылаарын эсибизден чыгарбайлы.

Сүйлөшүүлөр дайыма болуп келет.

Тилекке каршы, дайыма эле биз ойлогондой, талап кылгандай шыдыр чечилип кетпейт.

Өкмөттөр аралык комиссия, топтор иштеп жатат.

Мамлекет башчылары менен жолуккан жерден, кайсы аянтча болбосун козголот. Президент катары мен бул маселелерди дайыма көкүрөгүмө түйүп келем.

Бул иштин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенем.

Урматуу мекендештерим!

Кудайдын буйругу, сиздердин колдооңуздар менен учурдагы кыйын абалдан да татыктуу чыгабыз.

Алдыга койгон асыл максаттарыбызды ишке ашырууну улантабыз.

Кайсы жол менен өнүгөбүз, кайда барабыз, максатыбыз кандай экени белгилүү.

Коомубуздагы бардык күчтөрдүн катышуусу менен өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясын кабыл алганбыз.

Анын ичинде, 2024-жылга чейинки, биринчи кезектеги зарыл кадамдарды аныктаганбыз.

Алардын бир кыйласын турмушка ашырууга жетиштик. Айрымдары тууралуу жогоруда учкай маалымат бердим. Калган багыттарыбыз боюнча буга чейин аткарып келген ишибизди ырааттуу улантабыз.

Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон укуктук, экономикалык, социалдык пайдубал, негизинен түптөлүп калды.

Реформалар өз жыйынтыгын берет.

Эл ичинде: „Жарды эл саясатчы, бакубат эл — саякатчы“ деген сөз бар.

Ашкере саясат эмес, жаратмандык эмгек менен алектенген, анын акыбетин көрүп, татыктуу эс алган, дүйнө кыдырып, саякат курган, балдарынын ден соолугу чың, билими сапаттуу болгон бакубат коомду курууну максат кылабыз.

Кадырлуу элим, журтум!

Мен сиздерге ишенем жана сиздерди ишендирем. Ал үчүн, урматтуу мекендештерим, бизде бардык шарт бар.

Ар дайым элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудайым Өзү колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий