• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков парламенттин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» деп жарыялоо жөнүндө маанилүү чечим кабыл алынганын, 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы бекитилгенин белгилеп, Жогорку Кеңешти алардын багыттарын ишке ашырууга активдүү киришүүгө чакырды.

Ал Жогорку Кеңешке жакын арада кабыл алынышы керек болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 4 мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн эске салды.

«Шайлоо жөнүндө мыйзамдар аны менен алдын ала бардыгы жакшылап таанышып чыгып, ал мындан ары өзгөрбөйт деген бекем ишеним менен шайлоого катыша тургандай болуп, шайлоого бир жыл калганда турукташуусу зарыл», — деп Жээнбеков дагы бир жолу баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аларга ишенип тапшырылган аймактардагы ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун кароону тездетүү жөнүндө каалоосун айтты.

Сот реформасынын алкагында иштелип чыккан, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кодекстерди жана мыйзамдарды мониторинг кылуунун жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштарды тезирээк кароо зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери коомчулукта болуп жаткан башка дагы процесстер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий