• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Пекинде «Бир алкак – бир жол» II форумунун ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде Пекинде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын II форумунун ачылышына катышты.

Форумдун ачылыш аземинде КЭР төрагасы Си Цзиньпинь, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Малайзия Премьер-министри Махатхир Мохамад, БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү.

Эртең, 27-апрелде Сооронбай Жээнбековдун «Бир алкак – бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Форумга 37 өлкөнүн мамлекеттин башчылары жана премьер-министрлери катышууда. Андан тышкары форумдун ишине 150 өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган жана 4 миңге жакын журналисттер аккредитациядан өтүшкөн.

КЭР төрагасы Си Цзиньпин «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумун расмий түрдө ачты.

Заманбап Жибек жолу катары айтылган "Бир алкак-бир жол" демилгеси Си Цзиньпин тарабынан 2013-жылы сунушталган. Бул демилге "Жибек жолунун экономикалык алкагы" жана "XXI кылымдын деңиз Жибек жолу" долбоорлорун камтыйт.

Эске сала кетсек, биринчи форум 2017-жылы Пекинде өткөн. Ага 29 мамлекеттин башчылары жана өкүлдөрү катышкан.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков күн мурун жумушчу визит менен Кытай Республикасынын Пекин шаарына келди. Форумдан тышкары ал «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышат.

Форумдун талаасында Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин,Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүргүсү келген бизнес-компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Пикир

Оставить комментарий