• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Пекинге жумушчу визит менен келди

Президент 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде жумушчу визит менен Кытай Республикасынын Пекин шаарына келди.

Мамлекет башчысы «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышат.

Форумдун талаасында Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүргүсү келген бизнес-компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Пикир

Оставить комментарий