• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков премьер менен пандемия шартында өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Президент 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясы боюнча кырдаал жакшырганын — илдетти жаңы жуктуруп алгандардын саны бир топ азайгандыгын белгиледи. Кырдаалды мындан ары жакшыртуу жана узак мөөнөткө сактоо менен дары-дармектердин корун түзүү боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча азыркы тапта ишкерлерди колдоо программасынын алкагында бөлүнгөн 14 млрд сом өздөштүрүлүп жатат.

Ал аймактардагы ишкерлерди колдоо, анын ичинде ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди болушунча кыскартуу боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

Насыя алууда банктык документтердин саны жетиден үчкө кыскартылганы белгиленди.

Кубатбек Боронов аймактардагы социалдык объектилерди, ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшү тууралуу дагы маалымат берди.

Ошондой эле Өкмөт башчысы эпидемиологиялык кырдаалга жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында 1-класстардын окуучуларын мектептерде окутуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттин тартыштыгы менен көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу боюнча иштерди күчөтүү үчүн иш-чаралардын деталдуу планын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, материалдык резервди дан эгиндеринин жана дары-дармектердин кору менен толуктоого көңүл бурду.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясына байланышкан кырдаалдын бир эле саламаттык сактоо тутумуна эмес, экономикага жана социалдык чөйрөгө дагы тийгизген таасирлери боюнча комплекстүү анализ жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Ошону менен катар тармактардын, социалдык чөйрө мекемелеринин, бөтөнчө медицина объектилеринин күзгү-кышкы мезгилге өз учурунда даяр болушун камсыз кылуунун маанисин өзгөчө баса белгиледи.

Ооруканаларды капиталдык реконструкциялоону өз маалында каржылоо иштерине, аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал боюнча алдын алуу чараларын күчөтүүгө көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле дарыгерлер менен мугалимдерге Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү боюнча чараларды активдештерүүнүн маанисин белгиледи.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында фермерлердин жеңилдетилген насыя ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошону менен бирге «Санарип аймак» аянтчасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аймактардагы калкка көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик кызматтар электрондук форматка өткөрүлүшү керектиги айтылды.

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого бардык санитардык талаптарды сактоо менен даярдыктарды көрүү боюнча иш-чаралардын натыйжалуу уюштурулушун камсыз кылуу керектигине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий