• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков премьер-министр менен эпидабалды турукташтыруу чараларын талкуулады

Президент 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда, өлкө Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча чаралар талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов бул багытта Өкмөттүк түзүмдөрдүн көрүп жаткан камылгалары жөнүндө, ошондой эле бардык санитардык талаптарды эске алуу менен парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу иш-чаралары тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, жакында Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна болгон иш сапарынын жыйынтыктары жөнүндө да айтып берди. Жер-жерлерде тургундар инвесторлордун — тоо-кен компанияларынын ишмердигине түшүнүү менен мамиле кылып башташканы белгиленди. Алардын фонддорунан бир катар социалдык маселелерге багытталган долбоорлор ишке ашырылып, ал эми компаниянын ишине көп сандаган жергиликтүү тургундар тартылууда.

Ошондой эле Өкмөт башчысы азыркы тапта республикалык бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн көбөйтүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда эл арасында тоо-кен иштетүү тармагына инвестиция тартуунун жана ар кандай чагымчыл чакырыктарды болтурбоонун маанисин түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле маалда инвесторлордун ишмердигинде социалдык жагдайдын эске алынышы керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулбашына жана жер-жерлерде санитардык талаптардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Ар кандай терс билдирүүлөргө жана публикацияларга ыкчам реакция кылуунун, жарандардын коомдук коопсуздугун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков көптөгөн эл аралык уюмдар менен эксперттер пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү жөнүндө айтып жатышканын кошумчалап, буга байланыштуу дары-дармек каражаттарын, медициналык жабдууларды жетиштүү көлөмдө даярдап алууга, аймактардагы ооруканалардын курулушу менен ремонт иштерин тездетип бүткөрүүгө дагы бир жолу көңүл бурду.

Ал экономикалык кыйын кырдаалга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери, медиктерге кенемте төлөмдөрү өз маалында жана толук көлөмдө камсыз болушу керектигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков күз-кыш мезгилине талаптагыдай кам көрүү, айрыкча, социалдык объектилердин даярдыгын камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий