• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайындалды. Жарлыкка президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, дайындалды:

— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;

— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;

— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;

— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына.

Пикир

Оставить комментарий