• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков премьер-министрдин м.а. Боронов менен эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууну талкуулады

Президент 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү чаралары талкууланды.

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат.

Анын маалыматы боюнча, бул өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы — бүгүнкү күндө экономиканын 90%дан ашык тармактары толугу менен иштерин баштагандыгы менен негизделүүдө. Ошондой эле ал жарандардын санитардык-гигиеналык ченемдери менен беткап режимин толук кандуу сактабай келе жатканын баса белгиледи.

Кубатбек Боронов симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип чыгып жатканын маалымдады.

Мындан сырткары, ал Нарын облусундагы эки райондун ортосунда жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жаралган талаш-тартыш жөнүндө маалымат берди. Кубатбек Боронов Өкмөт тарабынан аталган маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 2 аптанын ичинде мыйзам чегинде жайыттардын кимге таандуулугу боюнча чечим чыгарылаарын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү пандемиянын төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда тескерисинче күчөп жаткандыгын белгиледи.

«Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз», — деп белгиледи мамлекет башчысы жана өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенин баса белгиледи.

«Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле», — деп айтты мамлекет башчысы.

Президент илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан, пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин өзгөчө баса белгиледи.

Мындай кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда экенин кошумчалады.

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Ошону менен бирге президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы жайыт талашуу маселесин тыкыр иликтеп, чечүүгө Өкмөттүн көңүлүн бурду.

Пикир

Оставить комментарий