• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Конституциясына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченем Кыргыз Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ экс-президентти Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуу жол-жобосун караштырбаган даражада карама-каршы келет деген чечим чыгарган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий