• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Путин менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тараптар эки тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелерди жана ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, 14-июндан 15-июлга чейин Россияда өтө турчу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий