• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков: Путиндин визити кыргыз-орус кызматташтыгын бийик деңгээлге көтөрөт

Президент 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. «Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында боло турган мамлекеттик визити кыргыз-россиялык союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылындагы жаңы чек ара комплексинин ачылышында.

Салтанатка катышып жаткан Россиянын өкүлдөрүнө кайрылып, Мамлекет башчысы Кыргызстан Россия тараптын жардамын жогору баалаганын, чек ара жаатында гана эмес, аскердик-техникалык кызматташтык, билим берүү, медицина жана миграция тармактарында дагы жардам берип жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

«Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана аймактык коопсуздукту камсыздоого кошкон жеке салымын белгилегим келет. Жакында Владимир Владимирович Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Россиянын Президенти Владимир Путиндин визити кыргыз-россиялык союздаштыкты жана стратегиялык кызматташууну мындан да бийик деңгээлге көтөрөт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык Макулдашуунун алкагында бүткөрүлдү. Макулдашуунун алкагында, 2019-жылдын 15-январында, Россия тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автомобилдик техникаларды өткөрүп берген. Анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар.

Мындан тышкары, чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имарат жана жабдыктардын комплекси курулуп, ишке киргизилген, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий