• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Делегациянын курамы

Президент 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахаянын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык сасяат бөлүмү билдирди.

Расмий сапардын алкагында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен чакан жана кеңири курамда эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун БАЭнин вице-президенти, премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуусу пландалууда. Жолугушууда кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Соода-экономикалык жана инвестиция чөйрөлөрүндө эки тараптуу өз ара кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланат.

Ошону менен бирге Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештери менен жолугат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Зарылбек Рысалиев, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Пикир

Оставить комментарий