• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков расмий сапар менен Түркияга барды

Президент 0

Анкара, 09.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде расмий сапар менен Түркия Республикасына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунда Президент Сооронбай Жээнбековду Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Анкара территориалдык гарнизонунун начальниги Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов тосуп алышты.

Аэропортто ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Расмий сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Андан тышкары Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Визиттин алкагында кызматташуунун түрдүү тармактарында бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий