• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков расмий сапары менен Түркияга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 09.04.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн расмий сапары менен Анкарага учуп кетти

Мамлекет башчы Түркияда эки күн болуп, анда жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өтөт.

Кыргызстандын делегациясынын курамы:

- КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;
- КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
- КРнын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов;
- КР вице-премьер-министри Санжар Муканбетов;
- ЖК депутаты Алмазбек Баатырбеков;
- ЖК депутаты Акылбек Жамангулов;
- КР экономика министри Артем Новиков;
- КР айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашев;
- КР Социалдык фонд төрагасы Тенизбек Абжапаров;
- Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов;
- КР Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенкул Момункулов.

Бул сапардын негизги максаты жогорку саясий диалогду түзүү жана кыргыз-түрк кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп саналат.

Жээнбековдун сапарынын алкагында кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңетилген чөйрөдө жолугушуу, бул өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын спикери Исмаил Кахраман менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге, тактап айтканда, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу, спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө, ошондой эле социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууларга, басма сөз жана маалымат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий