• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков расмий сапары менен Өзбекстанга барат

Президент 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле Сербияга жасаган расмий сапары туурасында маалымат берди.

Мындан тышкары министр Мамлекет башчысын Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына ушул жылдын 13-14-декабрында жасачу расмий сапарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымдады.

Мамлекет башчысы тышкы иштер министрине алдыдагы тышкы саясый иш чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий