• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков расмий визит менен Германияга барат

Президент 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти 15-16-апрель күндөрү расмий визит менен Германияга барат. Бул тууралуу брифингде президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал билдиргендей, президент ал жакка Германиянын канцлери Ангела Меркелдин чакыруусу менен бара жатат.

"Президенттин Германияга боло турчу биринчи расмий визити Бавариянын борбору - Мюнхен шаарынан башталат. Ал жакта Бавариянын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, бизнес-форум өткөрүп, Ханнса Зайдел атындагы фонддо мамлекет башчысынын сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Ошондой эле кыргызстандык мекендештер менен жолугушуу өткөрүү да пландалган", - деп билдирди ал.

Андан соң, 16-апрелде Берлинде Сооронбай Жээнбеков менен ГФРнын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Бундестагдын президенти Вольфганг Шойбле менен болгон башкы саясий жолугушуусу өтөт.

"Президенттин алдыдагы сапарына жакшы саясий негиз түзүлдү. Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялуу өлкө катары Германиянын канцлери, президентинин урматы менен колдоосуна ээ. Ангела Меркелдин Кыргызстандагы сапарынын жыйынтыгында белгилүү бир жылыштар жана эки тараптуу экономикалык өсүштөр белгиленди. 2017-жылдагы Кыргызстандагы сапардын жыйынтыгы менен германиялык экономиканын күндөрү өтүп, ага Германиядан келген делегация катышкан. Президенттин сапары эки тараптуу соода-экономикалык байланышка жылыш бериши керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий