• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Региондорду өнүктүрүү — эң башкы максатыбыз бойдон калат

Президент 0


Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Региондорду өнүктүрүү — орто мөөнөттүү мезгилдеги эң башкы максатыбыз бойдон калат. Бул тууралуу Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан форумда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтуусунда, аймактарды өнүктүрүү 2023-жылга карата жасала турчу иштердин катарына киргизилген. Туруктуу жумуш орундарын түзүү үчүн региондук долбоорлорду колдоо максатында финансы институттарынын жана фонддордун иши күчөтүлөт.

"Бюджеттер аралык мамилени реформалайбыз, биринчи кезекте, жергиликтүү бюджеттин дараметин жогорулатып, дотациялык аймактарды азайтууга басым жасалат. 20 таяныч шаарларды даректүү колдоо менен, бул шаарларда индустриалдык парктарды жана өнөр жай кластерлерин түзүү — маанилүү багытыбыз болот. Келечекте туруктуу иштеп кете турган долбоорлорду жер-жерлерде ишке ашырууга түрткү беребиз. Ар бир регионду адистештирүү аркылуу анын ички жана тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмүн күчөтөбүз", - деди ал.

Региондорду өнүктүрүү, инфраструктураны оңдоо, аймактардагы ишкерлерди колдоо, социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо иштерине ички резервдерди толук пайдаланып жатабыз, - деп кошумчалады президент.

"Кыргыз-Орус фондусу, Айыл банк, РСК банк, мурда элетке дээрлик көңүл бурбай келсе, азыр алардын каражатынын 80 пайызы элетке бурулду. Кепилдик фонду да аймактардагы долбоорлорго артыкчылыктуу мамиле кылууда. Мындан тышкары, аймактардагы жарандык коом активдешип, жергиликтүү ишкерлер, жаштар коомдору, сыртта иштеп жүргөн мекендештер кичи мекенине жардам берип, көптөгөн иштер бүтүүдө. Ачыгын айтайын, жергиликтүү бийлик активдүү болгон облустарда, райондордо ички резервдер, ички мүмкүнчүлүктөр аймактарды өнүктүрүүгө бурулууда", - деп билдирди Жээнбеков.

Региондордо жеке секторду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз деген мамлекет башчысы, чакан, орто ишкердикти колдойбуз деп баса белгиледи.

"Ал үчүн „Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү“, „Долбоорлорду даярдоо“ фонддорун ишке киргизүү жана кластерлерди түзүүнү максат кылуудабыз. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү-текстиль өндүрүшү жана туризмди өнүктүрүү боюнча кластердик багыттарга өзгөчө маани беребиз. Экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү — артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет. Экспортко багытталган кайра иштетүүчү ишканаларды атайын кредиттик линиялар менен колдойбуз. Текстиль — тигүү өнөр-жай парктарын, технополистерди куруу жана алардын алкагында ири ишканаларды түзүү — приоритеттүү маселе бойдон калууда", - деп маалымдады ал.

Өлкө башчысы кошумчалагандай, туризм кластерин өнүктүрүү максатында быйыл „Ачык асман“ саясаты жарыяланды.

"Туристтик инфраструктураны оңдоо, региондордогу аэропортторду оңдоп түзөө иштерин тездетүү керек", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий