• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Региондордун бакубатчылыгы – өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору

Президент 0

Бишкек, 21.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Президенттик кызматка киришкенден кийин алгач Нарын облусунун Жумгал районуна барганын, эми Баткен облусуна келгенин эске салды.

«Региондордун бакубатчылыгы өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Аймактардын мындан ары карай өнүгүшүнө 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлык чоң өбөлгө болот деп ишенем. Баткен аймагына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин мен жакшы түшүнөм. Бирок акыркы жылдары Баткен облусунун өнүгүшүнө көп көңүл бурулууда, бул практика мындан ары да уланат. Биздин максатыбыз – фермерлер жана жергиликтүү ишкерлер үчүн зарыл шарттарды түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо менен миграцияны азайтуу», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы фермерлер өстүргөн бир дагы айыл чарба продукциясы кайра иштетилбей калбашы үчүн региондордо кайра иштетүүчү ишканалар курулаарын айтты. «Мамлекет жер-жерлердеги ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонд сыяктуу финансылык инструменттер аркылуу аларга жеңилдетилген насыяларды алууга жардам берет. Финансы ресурстары адилеттүүлүк менен бардык региондорго бөлүштүрүлөт. Бөтөн өлкөдө мигрант болгончо, өз Мекенинде дыйканчылык кылып, мал баккан жакшы. Андыктан биз элет жергесинде ыңгайлуу турмуш шарттарын түзүшүбүз керек», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал акыркы жылдары өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи. Өлкөдө жолдор салынып, региондордогу фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилип жатат, ипотекалык насыялоо мамлекеттик программасы ишке ашырыла баштады.

Президент ошондой эле тышкы саясат ишмердигине токтолуп, өзүнүн коңшу өлкөлөргө визиттери жөнүндө айтып берди. «Сиздер билгендей, мен Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда расмий визиттер менен болдум. Бул өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүлөр жакшы нукта өтүп, көп маселелер боюнча биз өз ара тил таптык. Казакстан менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө Келишимге кол коюлду. Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеёв менен чек арабыздын 85 пайызы боюнча маселе чечилди, бул багытта сүйлөшүүлөр уланат. Тажикстан Президенти менен да сүйлөшүүлөр конструктивдүү нукта өттү», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент кечээ Баткен шаарында ата мекендик айыл чарба продукциялардын экологиялык тазалыгын сактоого жардам бере турган биофабриканын ачылышына катышканын канааттануу менен белгиледи. Ал өлкөнүн айыл чарбасындагы ушул багытты мындан ары карай өнүктүрүү зарыл экенине жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн бөлдү.

Жолугушууда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары Президентке социалдык, инфраструктуралык объектилерди курууга, ирригация системасын жакшыртууга, калкты таза суу менен камсыз кылууга, кен байлыктарын иштетүүгө лицензия берүү жол-жоболорун өркүндөтүүгө, автономдуу энергетиканы өнүктүрүүгө, спортко, билим берүүгө, саламаттык сактоого, жаштарды турак жай менен камсыз кылууга байланыштуу суроолорду беришти.

Жергиликтүү тургундардын суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков өзү жана Мамлекет башчысынын Баткен облусуна жумушчу сапарында аны коштоп жүрүшкөн министрлер жооп беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү боюнча Жарлыктын алкагында иштелип чыккан чаралар жолугушууда айтылган көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн камтыгандыгын белгиледи. Бардык маселелер анын ичинде ирригация системасын жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу жана башка маселелер, ырааты менен чечилет.

Пикир

Оставить комментарий