• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. «Мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат. Бизнестин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок. Ишкерлер мунун негизги себеби катары — инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.

Өлкө башчысынын айтуусуна караганда, өткөн жыйында жеңил өнөр жайын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жөнүндөгү маселелер талкууланган. Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга сунуштар берилген.

«Ошондой эле бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну макулдашканбыз. Аны менен катар, Комитеттин мүчөлөрүнө региондордо бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү тапшырмасы берилген», - деп баса белгиледи президент.

Региондорду өнүктүрүү — бул жылы да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калат, - деди Жээнбеков.

Өткөн жылдары элет жериндеги ишкердикти колдоо боюнча бир катар иштер жасалды. Салык жагында сезилээрлик жеңилдиктер берилди. Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду.

Айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн бошотулду (кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктар). Жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылды. Ар бир кызматкер мурда орточо эсеп менен 1500 сом төлөсө, эми орточо алганда 400 сомдон төлөшөт», - деп билдирди президент .

Мамлекет башчысы ушул эле ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин азайтылгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий