• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Региондорго инвестиция тартып, жумушчу орундарды түзүү — негизги талаптардын бири

Президент 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. «Региондорго инвестиция тартып, жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликке болгон егизги талаптардын бири», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-майда, Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, мамлекет тарабынан региондорду өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр бурулуп, банк системасынын да мамлекеттик бюджеттен дагы каражаттар жумшалып жатат.

«Ошону менен бирге, жергиликтүү бийлик, акимдер, айыл өкмөттөрдүн башчылары, баарыңар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бөлүнгөн каражаттарды гана күтпөстөн, инвестицияларды райондорго тартканга аракет кылгыла. Ысык-Көл фондусунун акчасын жана республикалык бюджетти гана карап отурбастан, донорлор, инвесторлор менен дагы иштеп, сырттан каражат тартуу зарыл», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ал жергиликтүү бийликтин ишин баалоодо аймактарга инвестиция тартуу жана жумушчу орундарды түзүү негизги критерий бол орун эске салды.

Пикир

Оставить комментарий