• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Республиканын бюджетинде аймактардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн каражат жетиштүү

Өкмөт 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Бюджетте аймактардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн каражат жетиштүү, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда өлкөнүн аймактары боюнча Өкмөттүн тапшырмаларын аткарууну көзөмөл кылуу боюнча жумушчу жыйында.

"Премьер-министр белгилегендей, анын аймактарга болгон сапарларынын максаты – республиканын райондорунун жана областтарынын социалдык-экономикалык маселелери боюнча Өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын жеке көзөмөлгө алуу жана ошондой эле аймактардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында биринчи маалыматты алуу. Сооронбай Жээнбеков ички жолдорду жана стратегиялык магистралдарды курууга, оңдоп-түзөөгө, бүтпөгөн социалдык объектилерди куруп бүткөрүү жана жаңыларын куруу, ирригацияны өнүктүрүү, алыскы айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу, аймактардын инфраструктураларын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Ошондой эле ишкерликти жүргүзүү жана экспорттук потенциалды өстүрүү үчүн эң ылайыктуу шарттарды түзүү маселелери актуалдуу болуп турат. Дал ошол себептен бардык сапарларда кичи жана орто ишкерликтин өкүлдөрү менен дайыма маектешүүлөр болгон. Бул жолугушууларда ишкерлердин күнүмдүк көйгөйлөрү талкууланган. Министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү бийлик коюлган маселелерди чечүү боюнча ыкчам тапшырмаларды алышчу.

2016-жылдын апрелинен 2017-жылдын июнуна чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн областтарына 33 жумушчу сапар жасаган. Тиешелүү мамлекеттик органдарга 215 тапшырма берилди. Бүгүнкү күндө толугу менен 108 иш-чара аткарылды, калган 107си ишке ашырылууда, – деп билдирди Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев. Министрликтер жана ведомстволордун башчылары тапшырмалардын аткарылып жатканы боюнча кошумча маалымат беришти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджетте коюлган маселелерди чечүү үчүн каражат жетиштүү экенин өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу Өкмөт башчысы маморгандардын жетекчилерин акча каражаттарды бөлүп берүүгө байланыштуу маселелерин создуктурбоого жана бюрократташтырбоого чакырды. Сооронбай Жээнбеков министрлик жана ведомстволордун башчыларына бардык тапшырмаларды пландаштырылган мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий