• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасы достук салттарына, маданий жана руханий жалпылыкка негизденген кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө зор маани берет. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бир тууган түрк элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп белгилейт Кыргызстан Президенти өзүнүн куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий