• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктүн кеңири спектри боюнча мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Өкмөттүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Сооронбай Жээнбековду жылуу кабыл алып, Кыргызстандын Президенти болуп шайланышы менен дагы бир ирет куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

“Биз Сиз Кыргызстандын Премьер-министри болуп турганда бир нече ирет жолугушуп, биздин жакшы мамиледеги өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаган элек. Биз буга чейин сиз Премьер-министр катары жана мурдагы Президент тарабынан жасалган иштерди ырааттуу улантып, учурда жүргүзүп жаткан иштерибизди улантабыз деп ишенебиз”, -деди Дмитрий Медведев.

Өкмөттүн Төрагасы акыркы жылдары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге чыккандыгын баса белгиледи. “Бул эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү чыңдоого жана Кыргызстандын ЕАЭБ кошулушуна байланыштуу болду. Бул иштерге Сиз дагы олуттуу салым коштуңуз Мына ушул бардык багыттар боюнча кызматташуубузду улантабыз деп ишенем”, -деди Дмитрий Медведев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевге жылуу кабыл алгандыгы жана Кыргыз Республикасынын Президент болуп шайланышы менен куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары алгачкы сапарымды Россияга жасагандыгым символдуу. Бул Кыргызстан өлкөлөрүбүздүн союздаштыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого биротоло багыт алгандыгын ырастап турат”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге Дмитрий Медведевге Кыргызстандын Премьер-министри болуп турганда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. ” Сиз кызматташуу маселелерин чечүүдө дайыма бизди колдоп келгенсиз жана биздин өлкөгө жакшы мамиле жасачусуз. Мындан ары дагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишеним менен мамиле жасоо сакталат деп ишенем”,- деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий