• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков РКӨФнун, «Кепилдик фонд» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК төрагаларын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Мурат Акимовду жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгы чыккандан кийин аларга аймактарда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген жана экспортко чыгарууга аракет кылган ишкерлерди колдоо жана каржылоо үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча тапшырма берилгенин эске салды.

Аталган финансы институттарынын жетекчилери Мамлекет башчысына Президенттин Жарлыгынын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат беришти.

РКӨФ төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча бардык аймактарда жергиликтүү ишкерлерди консультациялар менен камсыздоо максатында аймактык борборлор ачылды. Фонд тарабынан жалпы суммасы 281,5 млн долларга барабар 1530 долбоор жактырылды, анын ичинен 55 пайызынын көбү кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

Аймактарды өнүктүрүү максатында «Региондор — өсүүнүн өзөгү» деген сынак жарыяланды. Анда негизги басым айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жасалган, ишкерлерди кубаттоо механизми каралган.

«Кепилдик фонду» ААКтын төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, 2018-жылдын июль айында Өкмөт Кепилдик фондуна кошумча 300 млн сом бөлүп бөлгөн, бул берилген кепилдиктердин санын кыйла көбөйтүүгө өбөлгө түзгөн. Өнөктөш банктар дагы аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүштү.

Жакын арада Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүү боюнча долбоор, Ош облусунда сүт азыктарын өндүрүү, Кочкор районунда сыр чыгаруу жана Ысык-Көл облусунда айыл чарба продукциясын өндүрүп, кайра иштетүү — жемиштерди кургатуу жана экспортко чыгаруу долбоорлору ишке киришет. Ошондой эле «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте бир катар күнөсканаларды курууну каржылоо пландалууда.

«Айыл Банктын» төрагасы Мурат Акимовдун айтымында, КР Өкмөтү уставдык капиталга 20 млн доллар бөлүп берген, бул банктын өнүгүүсүнө жана алыскы чет өлкөлөрдөн ресурстарды тартууга жана дагы айыл чарба жана агроөнөржай багыты боюнча насыялардын үстөгүн төмөндөтүүгө жол берет. Мындан тышкары, республиканын алыскы айылдарында жашаган кардарларга жеңилдетилген шарттар менен өзүнчө насыялык продукт иштелип чыгууда. Бул жылы дагы кошумча 7 миң адам мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында насыя алышты.

Өз кезегинде «РСК Банктын» төрагасы Азизбек Оморкулов белгилегендей, күрөөсүз жана комиссиясыз 12 пайыз жылдык үстөк менен насыяларды берүү боюнча алыскы айылдарды колдоо долбоору ишке киргизилди. Өлкөнүн бардык облустарында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча долбоорлор колдоого алынып жатат, анын ичинде Ысык-Көл облусунда сүттү кайра иштетүү жана Чүй облусунда терини кайра иштетүүчү ишкана бар. Бүгүнкү күндө 19 400 адам жеткиликтүү насыялоо менен камсыз болду.

Мындан тышкары, Азизбек Оморкулов «Кыргызпочтасы» ишканасы менен биргеликте республиканын 600 айылында айлык акыны жана пенсияларды накталай эмес алуу максатында ПОС-терминалдар орнотулду, бул долбоор дагы 190 айылды камтыйт. Жакын арада бүт өлкө боюнча «Мобилдик банкинг» долбоору ишке кирип, жарандар уюлдук телефондор аркылуу бардык зарыл болгон төлөмдөрүн жүргүзө алышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпысынан аймактарды колдоого багытталган республиканын финансылык институттары көрүп жаткан чараларга канааттануу билдирди. Ал жетекчилерди аймактардагы долбоорлорду каржылоону күчөтүүгө дагы бир жолу чакырды жана өзгөчө көңүлдү логистикалык борборлорду түзүү, өсүмдүк жана мал чарба продукциясын кайра иштетүүгө буруп, экологиялык таза продукцияны кайра иштеткен кыргызстандык ишканалардын экспортко чыгуусуна жардам берүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий