• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Россия, Кытай жана Евробиримдикке аскерий колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Президент 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сороонбай Жээнбеков Россия, Кытай жана Европа биримдигинин элине жана башчыларына аскерий багытта көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 27 жылдыгы жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанатта мамлекет башчы, дүйнөлүк коомчулук эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшкө түшкөнүн белгиледи.

"Бул күрөштү ар тарапта колдоо менен Кыргызстан, башка өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен бир катар турду. Биздин Бириккен Улуттар Уюмунда катышуубуз, ШКУ жана ЖККУ өңдүү интеграциялык бирикмелерге мүчө жана төрагалык кылуу ар кандай коркунучтарды жоюуда өлкөнүн потенциалын арттырууда". - деди ал.

Ошондой эле ал колдоо көрсөтүп жаткан өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтып өттү.

"Биздин күч түзүмдөрдү, мындан улам аймактын коопсуздугун бекемдөөгө Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы жана Европа биримдиги чоң салым кошту. Биз Россия, Кытай жана Европа биримдигинин эли менен башчыларына ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгы белгиленүүдө. Ал эми эртең Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнө 27 жыл болот. Ага карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында салтанаттык иш-чара болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий