• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Россия — өлкөбүздүн экономикасынын эң башкы инвестору

Президент 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. «Россия — биздин союздашыбыз, стратегиялык өнөктөшүбүз, эң жакын жана ишенимдүү дос өлкөлөрүбүздүн бири. Россия менен биздин тагдырыбыз да, тарыхыбыз да бир. Өлкөбүздүн экономикасынын эң башкы инвестору да — Россия Федерациясы. Россия Президенти Владимир Владимирович Путин менен болгон расмий жолугушууларыбызда ошондой эле эки тараптуу экономикалык, соода-сатык, маданий-гуманитардык алаканы чыңдоо маселелерин дайыма талкуулайбыз. Келечекте бирге ишке ашырчу дагы көптөгөн долбоорлор бар», — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында россиялык «Газпром» компаниясы курган Нарын шаарындагы жаңы спорт комплексинин ачылышында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы «Газпром-балдарга» аттуу долбоордун алкагында ушундай заманбап спорт комплекстери өлкөбүздүн ар башка аймактарында да курулганын белгиледи.

Ал нарындыктарды жаңы спорт комплексинин ачылышы менен куттуктап, «Газпром» компаниясына жана россиялык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков «Газпром» компаниясы өлкөбүздү күйүүчү май жана жаратылыш газы менен камсыздап, биздин жергебизде иштеп баштагандан бери Кыргызстандын экономикасына 30 млрд. сомдон ашык инвестициялаганын, бюджетке салык түрүндө 42 млрд. сомдон ашуун каражат төлөгөнүн баса белгиледи. 10 миңге жакын кыргызстандыктар бул компаниянын структураларында иштеп жатат. Компания «Газпром-балдарга» аттуу долбоордун негизинде өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында заңгыраган спорт комплекстерин курду. Азыркы кезде 960 окуучуга эсептелген заманбап мектеп куруп жатат.

Жыл сайын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана Ленинграддагы блокадачыларга, медициналык мекемелерге, балдар үйлөрүнө, ооруканаларга жана ден соолугунун айынан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жардам берилет.

Мамлекет башчысы белгилегендей, «Газпром» компаниясы 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газификациялоо боюнча генералдык планды ишке ашыруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. «Газпром-Кыргызстан» компаниясы 2030-жылга чейин Кыргызстандын территориясынын 60 пайызын газификациялап, республиканын 400дөн ашуун калк жашаган пункттарды көгүлтүр от менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы 16 жаңы конуштарында, Чүй жана Ош облустарындагы калк жашаган пункттарда узундугу 400 чакырымдан ашкан газ бөлүштүрүүчү жайлар курулду, 20 миңден ашык үйлөрдү газ менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.

«"Газпромдун" Кыргызстандагы ишмердиги өлкө экономикасынын өнүгүшүнө оң таасир этүүдө. Биздин жемиштүү кызматташтык жана натыйжалуу өнөктөштүгүбүз мындан ары да уланат деп ишенем», — деп баса белгиледи Президент.

Ал бүгүн ачылган жаңы спорт комплексинде спорттук бийиктиктерди багынтып, өз Мекенин дүйнөлүк аренада даңазалаган спортчулар тарбияланып чыгышын каалады.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Башкы директору Болот Абилдаев «Газпром-балдарга» долбоорунун алкагында Кыргызстанда 9 ден соолукту чыңдоочу комплекс курулганын маалымдады. Бардыгы болуп, Кыргызстанда 16 ушундай заманбап спорт комплекстери курулат. Ушундай эле комплекс жакын арада Жалал-Абад шаарында ачылат. Ал заманбап, сапаттуу курулуш материалдарын жана спорт жабдууларын пайдалануу менен курулду.

Азем аяктаган соң спорт комплексинин имараты менен таанышуу болду.

Пикир

Оставить комментарий