• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Жаңы жылы жана Рождество майрамдары менен куттуктады.

Акыркы мезгилде кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыкты бекемдөө үчүн көп иштер жасалганын белгиледи.

«Кыргызстандын эли Сиздин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитиңизди өзгөчө жылуу маанай менен эстейт, жетишилген келишимдер биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн ийгиликтүү ишке ашырылууда», — деди ал.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында жарыяланган Кайчылаш жылынын алкагында алдыда өтө турган иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий