• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле баардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм», – деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий