• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Россия - жакын, ишенимдүү шериктешибиз, стратегиялык өнөктөшүбүз

Президент 0

Москва, 27.02.20. /Кабар/. «Россия - биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылышы аземинде.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы биздин элдердин мындан да жакын болууга умтулуунун белгиси болуп саналаарын белгиледи. Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылаарын өзгөчө белгиледи.

«Кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алган. Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз. Кыргызстандын Советтер Союзунун курамында болгон жетимиш жыл ичиндеги мезгилде билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай тармактары болуп көрбөгөндөй өнүккөнү талашсыз факт», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет болгонуна дээрлик отуз жыл толгонуна, бирок эки элдин маданий, руханий, боордоштук мамилелери ажырагыс бойдон калганын белгиледи.

«Постсоветтик тарыхтан кийин ар кандай оош-кыйыштар болгонуна карабастан, биз Россия менен бир тууган, достук мамиледеги өлкө боюнча калдык. Эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз карым-катнаштар мамлекеттер аралык гана мамилелерде болбостон, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жакындык, достук жана боордоштук мамилелери абдан кубандырат. Биз кылымдардан бери келаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбызды биргеликте сактай алдык», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Кыргызстанда орус тили расмий тил гана эмес, улуттар ортосундагы баарлашуунун тили экенин, бул эки элди мындан да жакындатканын баса белгиледи.

Ал үстүбүздөгү жылы жалпы орток тарыхыбыздын даңктуу барагы — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракеси белгилене тургандыгына токтолду.

«Адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуш тууралуу чындыкты кылдат сактап, урпактарга өткөрүп берүү — биздин ыйык милдетибиз. Биз ата-бабаларыбыздын эрдиги менен каармандыгын унутпайбыз. Советтик жоокердин улуу эрдиги эч качан унутулбайт», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Согуш жөнүндөгү чындыкты сактап калууда Россиянын ролу зор экенин билдирген Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоого жол бербөөгө багытталган Россиянын Президенти Владимир Путиндин аракетин толугу менен колдой тургандыгын айтты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россия өз элдеринин эркин билдирүү аркылуу бирдиктүү көз караш менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу интеграциялык жана аскердик-саясий бирикмелердин курамына кошулаарын кошумчалады.

Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташууну арбытуу Кыргызстандын маанилүү артыкчылыгы болуп саналаарын айтып, Кыргызстандын ЕАЭБдин шарттарына кирүү жана адаптация процессинде Россия Федерациясынын зор ролун баса белгиледи.

«Биз мындан ары дагы элдерибиздин достугун бекемдейбиз, узак мөөнөттүү шериктеш мамилелерди өнүктүрөбүз. Кыргызстан эли Россиянын жана анын лидери Владимир Владимирович Путиндин бараандуу колдоосун баалайт жана ар дайым эстеп жүрөт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россиядагы мекендештерге кайрылган Мамлекет башчысы Россиянын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге алардын турмуш шарттарын жакшыртуу иштери улана тургандыгын баса белгиледи.

«Россиянын жалпы элинин жана жетекчилеринин кыргызстандыктарга болгон жылуу мамилесин жогору баалайбыз. Мекендештер өлкөбүздү өнүктүрүүгө чоӊ салым кошуп келишүүдө. Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз менен байланышты бекемдөөнү артыкчылыктуу багыт катары карайбыз», — деп белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын элинин атынан Россия Федерациясынын жалпы элине терең сый-урмат жана ыраазычылык билдирип, эки өлкөгө тынчтык, өсүп-өнүгүү жана байгер турмуш каалады.

Пикир

Оставить комментарий