• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Патрушевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы өтүп кеткен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктап, Кыргызстанда дагы «Өлбөс полктун» жүрүшү өткөнүн, ага өзү дагы катышканын эске салды.

Мамлекет башчысы жакында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити кыргыз-орус кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарганына ишеним билдирди.

Ал Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү абдан маанилүү.

«Россия тарап ЕврАзЭБ шарттарына ыңгайлашуунун алкагында техникалык жардам көрсөтүп, бир нече жаңы чек ара заставаларын куруп берди. Жаңы автоунаа жана атайын техникалар келип түштү. Биздин Куралдуу күчтөргө тик учактар жана аскердик техникалар берилди. Мындай жардам терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ошондой эле региондо жана аймакта туруктуулукту бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттырат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жылуу кабыл алуусу жана туруктуу жолугушуулары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековду Жеңиш күнү майрамы менен куттуктап, бул өлкөлөрдүн тарыхында абдан маанилүү күн болуп саналарын, ал эми «Өлбөс полк» жүрүшү дүйнө элдерин бириктирээрин белгиледи.

Николай Патрушев ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында Россиянын позициясын колдогону үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы тупуктуулукту сактоо, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий