• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Медведев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тараптар жалпы күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде регионалдык коопсуздук, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы мезгилдин чакырыктары менен коркунучтарына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп, бардык багыттарда Россия тарап менен жигердүү кызматташууну улантууга даярдыгын айтты.

Ошону менен катар биргелешкен өз ара аракеттердин тереңдешине багытталган демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн Дмитрий Медведевге ыраазычылыгын билдирди.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эки өлкөнүн өз ара мамилесинин жогорку деңгээлин баса белгиледи. Ал кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөгө мындан ары дагы өз салымын кошууга даярдыгын кошумчалады.

Ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЖККУнун да алкагында жакшы кызматташуусун белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий