• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Россиянын президенти Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 19.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда, Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адам курмандыктары болгонуна байланыштуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетүүсү боюнча каалоолорумду жеткирип коюңузду өтүнөм. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз», - деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий