• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Россиянын жалпы евразия регионунун коопсуздугун камсыздоо боюнча өзгөчө аракетин белгиледи

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында Россия Федерациясынын жалпы евразия регионунун коопсуздугун камсыздоо боюнча өзгөчө аракетин белгиледи.

«Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн „Борбор-2019“ стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары мындай аракеттин айкын мисалы боло алат.Эң заманбап техниканы колдонуу менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасына мен өзүм Оренбург шаарында күбө болгон элем. Россия куралынын күч-кубатын өз көзүм менен көрүп, ага абдан таасирлендим. Биз ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек араларына камтама болбосок болот. „, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан Владимир Владимировичтин региондо жана бүт дүйнөдө коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоого багытталган аракеттерин колдой турганын белгиледи жана Россиянын ЖККУга төрагалык кылуусу Уюмдун 2020-жылдагы өнүгүшүнө жаңы шык-дем берерине ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий