• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков: «Руханий Жибек жолу» диндерге карата сабырдуу жана толеранттуу мамиле жасоого бириктирген аянтча болот

Президент 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. «Руханий Жибек жолу. Гумандуу улуу салттар жана учур чакырыктары» деген аталыштагы III эл аралык конференциясы динге ишенгендерди радикалдаштыруудан сактоо, диндерге карата сабырдуу жана толеранттуу мамиле жасоого тарбиялоо жаатында элдерди жана өлкөлөрдү бириктирген аянтча болуп калат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда «Руханий Жибек жолу. Гумандуу улуу салттар жана учур чакырыктары» деген аталыштагы III эл аралык конференциясына катышууга келген Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Литва, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Эстониянын башкы муфтийлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жогорку диний аалымдар, кадыр-барктуу илимпоздор жана теология тармагындагы адистердин катышуусу менен өткөн эл аралык конференциянын маанисин белгиледи, анткени ал мамлекеттик органдардын да, диний уюмдардын да ишмердигине бирдей пайда алып келүүдө.

«Бир нече өлкөнүн жогорку муфтийлеринин бир убакта келиши — өлкөбүздүн коомдук, маданий жана руханий жашоосундагы маанилүү окуя. Биз жарандарыбыздын руханий өнүгүүсүнө чоң маани беребиз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары Президентке жана Кыргыз Республикасынын элине жылуу кабыл алгандыгы жана конференцияны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Мамлекет башчысына жогорку кызматында ийгиликтерди, кыргызстандыктарга — тынчтык, бакубаттык жана гүлдөп өнүгүү каалашты.

Алар конференциянын бириктирүүчү идеясы тууралуу пикирлерин билдиришип, кийинки «Руханий Жибек жолу» эл аралык конференциясы Казакстанда 2019-жылы өтөөрүн маалымдашты.

«Руханий Жибек жолу» жыл сайын өтүүчү конференциянын максаты радикалдуу агымдарга жана жаштарга таасир этүүчү мусулмандардын арасында терс идеялардын таркашына каршы жооп иретинде чыныгы ислам руханий салттарды сактоо экени белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий