• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков: «Руханий Жибек жолу» кызматташууну илгерилетүүнүн жана өз ара аракеттенишүүнү күчөтүүнүн заманбап кадамы

Президент 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 13-сентябрда Бишкекте «Руханий Жибек Жолу. Гумандуу улуу салттар жана учур чакырыктары» аталышындагы III эл аралык конференция өттү.

Конференцияга мамлекеттик органдардын жана дин уюмдарынын өкүлдөрү, Литва, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Эстониянын академиялык коомчулугунун, ошондой эле сегиз өлкөнүн муфтийлери катышты.

Пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев чыгып кайрылуу жолдоду.

Төмөндө Мамлекет башчынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу конференциянын катышуучулары! Урматтуу достор!

"Руханий Жибек жолу. Гумандуу улуу салттар жана учур чакырыктары" аталышындагы III эл аралык конференциясы — учур чакырыктарын, Евразия мейкиндигиндеги элдердин диний дөөлөттөрүн сактап, мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган актуалдуу аянтча болуп калды.

Конференция Жибек жолунун боюнда жайгашкан өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, диний уюмдарынын өкүлдөрүн жана академиялык коомчулуктун жана эксперттердин башын бириктирип жатканы абдан маанилүү деп эсептейм.

Улуу Жибек жолу тарыхта өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштын гана негизин түзбөстөн, түндүк менен түштүктүн, батыш менен чыгыштын ортосунда маданий-руханий жана илимий байланыштарды өнүктүрүүнүн көпүрөсү катары кызмат кылган.

Орто кылымдарда Улуу Жибек жолу кесип өткөн өлкөлөр ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү болгон жана мусулмандар илимий-техникалык билимдин жана маданий-руханий баалуулуктардын башка өлкөлөргө жайылышына жигердүү катышкан.

Борбор Азиядагы бул мезгилди Чыгыштын кайра жаралуусу деп атаса да болот. Ислам дининин жайылышы менен аймакта шаарлар өнүгүп, мечиттер курулуп, архитектуралык эстеликтер тургузулуп, илимий-билим берүү борборлору, медресе жана китепканалар түптөлгөн.

Ушул мезгилде Ибн Сина, Аль-Фараби, Аль-Хорезми, Аль-Бируни, Аль-Бухари, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Серахсии сыяктуу улуу ойчулдардын жана окумуштуулардын эмгектери жарыкка чыккан.

Жибек жолу Европанын менен Азиянын бир топ мамлекеттерин жана элдерин бириктирип, Борбор Азияны кесип өткөн. Ошондуктан биздин регион эзелтен түрдүү элдердин жана этностордун, диндердин жана конфессиялардын өкүлдөрүн бириктирип, түрдүү маданияттарды боюна сиңирген.

Аймактын бул өзгөчөлүгү ар түрдүү маданияттын өкүлдөрүнүн ортосунда толеранттуулукту жана өз ара урматтоону өнүктүрүүгө шарт түзүп, Жибек жолунун боюнда жашаган элдердин салттуу дөөлөттөрүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Урматтуу катышуучулар!

XXI кылымда Жибек жолундагы өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана саясий байланыштарды жандандыруу региондогу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын илимий-билим берүү жана руханий-маданий аспектилерин өнүктүрүүгө шарт түзөт жана өбөлгө болот.

Бул кызматташтык элдердин салттуу маданий жана руханий баалуулуктарын сактоо жана диний баалуулуктарга жамынган радикалдуу жана экстремисттик идеологиялардын таркашына каршы туруу зарылчылыгынан улам чыккан.

"Руханий Жибек жолу" эл аралык аянтчасын түзүү жана өнүктүрүү мамлекеттик органдар ортосунда да, катышуучу өлкөлөрдүн диний лидерлеринин жана илимий коомчулугунун ортосунда да кызматташууну илгерилетүүнүн жана өз ара аракеттенишүүнү күчөтүүнүн заманбап чарасы болуп саналат.

Конференция учурдун чакырыктарына карата координацияланган жалпы позицияны иштеп чыгууга, Евразия мейкининдеги элдердин диний-маданий мурастарын сактоого жана мындан ары карай өнүктүрүүгө, аларды салттуу жалпы баалуулуктардын пайдубалына негизденген прогресстин, илимдин жана инновациялардын жолу менен мындан ары жалганышына олуттуу салым кошот деп ишенем.

Биз катышуучуларга, кымбаттуу конокторго чоң ыраазычылык билдиребиз жана өлкөбүздө болгон күндөр сиздер үчүн жагымдуу болот деп үмүттөнөбүз.

Конференциянын бардык катышуучуларына жемиштүү иш жана ийгилик каалайм».

Пикир

Оставить комментарий