• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков саламаттык сактоо кызматкерлерин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 30.06.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу саламаттык сактоо кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын медицина кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Азыр 47 миңден ашык медициналык кызматкерлер өз милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, элибиздин саламаттыгынын сакчылыгында турушат.

Жарандардын ден-соолугун коргоо жана чыңдоо, медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу, адам капиталын сактоо жана арттыруу — мамлекеттин эң маанилүү артыкчылыктуу милдети.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы модернизациялоого, материалдык-техникалык ресурстарын жакшыртууга муктаж. Өлкөбүздүн бардык региондорунда, айрыкча айыл жерлеринде саламаттык сактоону өркүндөтүп, өнүктүрүүгө тийишпиз. Медицина тармагындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктаган жаӊы улуттук программаны иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл.

Биз сергек жашоону даӊазалаган жаӊы маданиятты калыптандырышыбыз керек. Электрондук заманбап методдорду кеӊири жайылтуу менен информациялык саламаттык сактоо системасын түзүү маселеси бышып жетилди.

Бирок медициналык кызматтын сапатын жогорулатууда башкы роль сиздерге — кесипкөй, өз ишине чексиз берилген, мээрман дарыгерлерге таандык.

Кымбаттуу медицина кызматкерлери, талыкпаган ак ниет эмгегиңиздер үчүн сиздерге жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен өлкөнү өнүктүрүүгө зор салым кошкон ардагерлерге ыраазычылык билдирем!

Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!»

Пикир

Оставить комментарий