• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Санариптештирүү саясатына тоскоолдук, саботаж кылуу – бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу менен барабар

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. «Санариптештирүү саясатына тоскоолдук, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык кылуу менен барабар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

«Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылган чиновниктерге биз кайдыгер карап отура албайбыз. Андай жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылабыз. Өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууга дараметиңер жетпей жатса, кызматыңарды таштоого мажбур болосуңар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку Соттун төрайымы жана Президенттин Аппараты министрликтерди, ведомстволорду максималдуу колдоп, өлкөнү санариптештирүү саясатын тездетүү керектигин баса белгиледи.

Ар бир министрден, ведомство жетекчисинен тартып катардагы оорукананын, мекеменин, мектептин жетекчилери санариптештирүү үчүн керт башы менен жоопкерчилик аларына өзгөчө токтолду.

«Коррупциянын негизги себепчиси болгон адамдар ортосундагы өз ара алаканы санариптештирүү гана жоё алат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңеш кабыл алган чечимди аткаруунуу тездетүү деген талап — объективдүү факторлор менен шартталганын кошумчалады.

«Маалымат технологиялары абдан тез өзгөрөт. Ар бир күндү текке кетирүү биздин өлкөнүн санариптүү дүйнөдөн артта калуу тобокелдигин жаратат. Буга жол бере албайбыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий