• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков санариптештирүү саясатынын алгачкы жетишкендиктери тууралуу айтты

Президент 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. «Коӊшулардан артта калбай, жалпы коомубузду санарипке өткөрүү – бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Президент азыркы учурда санариптештирүү саясатынын алгачкы жетишкендиктерин айтып өттү.

«Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 28 коммерциялык уюм кошулду. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка которуу — ыкчам темпте жүрүүдө. Мамлекеттик портал аркылуу 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис жеткиликтүү болду. Ал эми «Мамлекет – платформа катары» долбоору аркылуу 85 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервистер ишке киргизилген. Ошентип, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистердин жалпы саны бүгүнкү күндө 276ны түзөт. 13 маалымкат автоматташтырылып, орточо 1,5 млн. маалымкат электрондук форматта берилди. Мамлекеттик органдардын ортосунда 20 млн ашык электрондук форматта маалымат алмашуу (транзакция) жүргүзүлдү, алардын өз ара аракеттенүү процесси тездетилди. Бул канчалык деңгээлде бюрократияны жана убакытты азайтканы, кагазды үнөмдөгөнү түшүнүктүү», - деди ал.

Анын айтымында, «Санарип аймак» санариптик платформасы иштелип жатат, жакынкы арада бул система ар бир айыл өкмөттүн ишине кире баштайт.

«Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо – анын ичинде бардык чет өлкөлүк мекемелерде «Паспорт», «Жарандык абалдын актыларын каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилди», - деди ал.

Жээнбеков санариптештирүү коррупцияга каршы күрөштүн алкагында адамдык факторду азайтуудагы, коррупция менен күрөшүүдөгү эң негизги курал экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий