• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Сауд Арабиясынын королу жана өлкөнүн элин Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Арабиясынын королу, эки ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү Салман бин Абдел Азиз Аль-Саудду жана өлкөнүн элин Сауд Арабия Королдугунун улуттук майрамы — Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген кызматташуу эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Бул салтанаттуу күнү Сизге жана Сиздин үй-бүлөӊүзгө бекем ден соолук, бакыт, ишиӊизге ийгилик, ал эми боордош Сауд Арабия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий