• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков шайлоо алдында өзүнүн штабынын короткон каражаттары тууралуу маалымат берди

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында өзүнүн штабынын короткон каражаттары тууралуу айтып берди.

Бишкекте өтүп жаткан жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент КСДПнын политтехнологу Алексей Василивецкий менен таанышкандыгы жана ал менен болгон мамилеси тууралуу маалымат берген.

“Алексей Василивецкийден баштасак. Мен бул киши менен губернатор болуп иштеп жүргөндө таанышкам. Ал кишини мага апрель окуялары боюнча маек алганга жиберип, интервью берип коюмду суранышкан. Мен ошондо да бул кишини кайдан табышкандыгын сурадым эле. Мен ал учурда Василивецкий чет өлкөнүн жараны экендигин билген эмес элем. Ал ошол кезде Фарид Ниязовдун жакын адамы жана кеңешчиси болчу. Мен өкмөт башчысы болуп турганда, мага Ниязов чалып Василивецкий жакшы адис экендигин айткан. Мен ошондо ал мага жарабайт, анткени менин программам чет өлкөлүк адистер үчүн жазылган эмес экендигин айтканмын. Мен ошол программаны өзүмдүн басып өткөн жолумдун негизинде жазгам. Ал (Василецкий-ред) 170 миң доллар алгандыгы тууралуу айткан. Эгер ал ошол акчаларды алган болсо, анда эмнеге качып кетти? Келсин, келип жооп берсин. Азыр иликтөө жүрүп жатат”, - дейт президент.

Мамлекет башчысы кабарлагандай, бул маселе боюнча биринчи кезекте Фарид Ниязов жооп бериши керек. Анткени ал КСДП штабынын башчысы болчу.

Жээнбеков билдиргендей, ал премьер-министрдин кызматын август айында таштап, аймактарда элдер менен жолугуп баштаган. Бишкектеги штабга үч жолу гана: дебаттар болгондо, маек жана мурунку вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жаназасына келген.

Эске сала кетсек, буга чейин юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактарда азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун КСДП партиясынын президенттикке талапкерлиги учурдагы штабдын шайлоо астындагы короткон каражаттары тууралуу документтерди жарыялаган. Документтерде көрсөтүлгөндөй, шайлоонун астында мыйзам менен уруксат берилген суммадан да көп каражат коротулган.

Ошондой эле ал документтерде КСДПнын мурунку пиар-адиси, россиялык журналист Алексей Василивецкий С.Жээнбековдун штабында иштеп, өз иши үчүн 170 миң доллар алган деп көрсөтүлгөн. Кийинчерээк ал Кыргызстандан чыгып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий