• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Шайлоо деп, 400дөн — 500-1000ге чейин киши топтоп, партиялар эрежелерди сактабай, үгүт ишин өткөрүптүр

Президент 0

Бишкек, 03.10.20./Кабар/. «Шайлоо деп, 400дөн — 500-1000ге чейин киши топтоп, партиялар эрежелерди сактабай, үгүт ишин өткөрүптүр», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы аларга чара көрсөң бийлик бизге кысым кылып, бут тосуп жатат деп айтып чыгышарын кошумчалады.

«Жөндөн-жөн эле добуш алуу үчүн „бийлик мени кысып жатат, бийлик мени иштетпей жатат, бийлик биздин добушту алып кетип жатат“ деген эле болбогон сөздөрдү айтып жатышты. Мына карасаңыз, дебаттарды, ошол 20 жылдап иштегендер бийликти шыбап жатышат. Өздөрү жүрүп, эч нерсе жасай албагандар. А берки жаңы келген балдар айтса мейли эми, бул жаңы келатат, чын жүрөктөн иштейм деп, макулбуз ага», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле мурдагыдай карантин киргизип коюуга мүмкүн эместигин, экономикага да ден соолукка да бирдей мамиле кылуу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бул үчүн Президенттен тартып катардагы жарандарга чейин санитардык эрежелерди так сактоосу зарыл экендигин белгиледи.

«Биздин дарыгерлер айтып жатат, эрежени сакташ керектигин. Ошол эрежени сактаса эле бул ооруну жеңебиз. Муну бардыгыбыз тең бирдей күрөшүп, бирдей аракет кылсак, муну жеңебиз.

Анан бирөө той өткөрүп жатса, беш жүз кишини чакырып алып, билип туруп, түшүнүп туруп, өткөрүп жатса, бирөө элди топтоп алып жылдыктарды кылып, каза болгондорго куран окутуп жатса. Кыл, бирок эрежени сактап кыл деп айтып жатабыз», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий