• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Акыркы мезгилде боордош эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иштердин жыйынтыгын терең канааттануу менен белгилеп кетким келет. Өзгөчө кыргыз-өзбөк мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча иш-чаралар элдерибиздин кызуу колдоосуна ээ болду. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да ынак коңшулукту бекемдөөгө жана Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы кызматташтыкты өнүкүурүүгө багытталат деп терең ишенем», — деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий