• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян кайрымдуулук фондунун директорун кабыл алды

Президент 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун Башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды.

Жолугушууда аталган Фонддун Кыргызстандагы ишмердиги, элет жерин таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын өнүктүрүү, жаңы ооруканаларды куруу жана оңдоп түзөө, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Жээнбековдун үстүбүздөгү жылы Бириккен Араб Эмираттарына боло турган сапары тууралуу дагы сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий