• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: ШКУ өлкөлөрүнүн аялдарынын II форуму тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун аянтча

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи Форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын атынан кайрылууну Кыргыз президентинин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн башчысы Назгуль Ташпаева окуп берди.

Мамлекет башчынын кайрылуусунун тексти:

«Кымбаттуу достор!

Сиздерди Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи Форумунун ачылышы менен куттуктайм!

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында өтүп жаткан сиздердин Форум биздин өлкөлөрдүн аялдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташуу үчүн эң сонун аянтча болуп саналат, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүн ургаалдаштырып, бирге өнүгүү максаттарына жетишүүгө өз салымын кошот.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи Форуму ошондой эле Кыргызстанда жыл сайын жазында белгилене турган Энелер күнүнүн да алдында өткөрүлүүдө.

Аялдардын кесиптик жана социалдык активдүүлүгүн арттыруу, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык дараметин толугураак ачуу маселелери Форумдун катышуучуларынын көңүл чордонунда болоору кубандырат.

Башкысы — биринчи аялдар Форумунун идеяларын улантып, аялдар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, айжаркын айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жалпы дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө алардын ролун жогорулатууга багытталган жаңы долбоорлор үчүн негиз түзүү маанилүү.

Форумдун жүрүшүндө регионалдык кызматташтыкта бирдей натыйжаларга жетишүү үчүн Шанхай кызматташтык уюумунун стратегиясына жана долбоорлоруна аялдардын катышуусун жогорулатуу жана гендердик өлчөмдү киргизүү маселеси боюнча биргелешкен көз караш иштелип чыгарына ишенем.

Форум Пекин Аракеттер Платформасынын, Туруктуу өнүгүү Максаттарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун эң маанилүү маселелерин чечүүнүн алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын ачууга өбөлгө болот.

Форумдун бай жана кызыктуу программасы катышуучулар үчүн пайдалуу тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, биздин ажайып кооз жана берекелүү жергебизде өткөргөн ар бир күнүңүздөр көңүлдүү болот деп үмүттөнөм.

Сиздерге жемиштүү иш, жаңы ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий