• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: ШКУ региондо гана эмес, дүйнөдө туруктуулуктун жана коопсуздуктун фактору катары бекемделиши керек

Саясат 0

Бишкек, 10.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

«Урматтуу Төрага!

Урматтуу коллегалар!

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Адегенде кытай тарапка жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы урматтуу Си Цзиньпинге биздин жолугушууну уюштурганы, жылуу кабыл алгандыгы жана салттуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем!

Бүгүнкү жыйынга ШКУнун толук укуктуу мүчөлөрү болуп калган өлкөлөрдүн лидерлери катары катышып жаткан Индия Республикасынын Премьер-министри мырза Нарендра Модиге жана Пакистан Ислам Республикасынын Президенти мырза Мамнун Хусейнге саламдашып жатканыма кубанычтамын.

Бүгүнкү Саммит ШКУнун „шанхай сегизилтигинин“ форматында өнүгүү тарыхынын жаңы барагын ачууда.

Индиянын жана Пакистандын кошулушу менен ШКУ 3 миллиарддан ашык калкы бар Евразия территориясынын 60 пайызын камтыган дүйнөдөгү эң чоң регионалдык уюм болуп калды.

Бул Уюмдун географиясы кеңейип, анын биргелешкен мүмкүнчүлүгү өскөнүн эле эмес, ШКУнун региондогу жоопкерчилигинин деңгээли да кыйла жогорулаганын билдирет.

Өткөн жыл ичинде Уюмду иштөөнүн жаңы форматына шайкеш келтирүү боюнча чоң иштер жасалды, кеңейтилген курамдагы ШКУнун ишмердигинин уюштуруучулук, финансылык жана юридикалык аспектилери макулдашылды.

ШКУнун мындан ары карай өнүгүшү үчүн „шанхай демин“, Уюмдун негизги документтерин бекем кармануу жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты бекемдөө, саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо керек.

Урматтуу коллегалар!

Биздин Уюмдун өнүгүшүндөгү жаңы этап дүйнөдөгү татаал өзгөрүүлөрдүн учурунда жүрүп жатат. Ал өзгөрүүлөр айрым региондордогу татаал өзгөрүштөр сыяктуу эле, бүтүндөй эл аралык мамилелер системасына да тийип өтүүдө.

Мына ушундай кырдаалда региондо гана эмес, дүйнө жүзүндө туруктуулуктун жана коопсуздуктун фактору катары ШКУ азыркыдан да бекемделиши маанилүү. Уюм өтө зарыл милдеттерди чечүү жана XXI кылымдын коркунучтарына каршы туруу үчүн механизмдерге ээ болушу керек.

ШКУнун алкагында үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп, күн тартибинде турган эл аралык маселелер боюнча макулдашылган позицияларды иштеп чыгуу керек деп эсептейм.

Урматтуу коллегалар!

Өзүнүн геосаясаттык жана геостратегиялык мааниси, жаратылыш-экономикалык жана ресурстук зор мүмкүнчүлүктөрү боюнча Борбор Азия дүйнөлүк коомчулуктун борборунда калууда. Ошону менен бирге, региондо коопсуздукка жана туруктуулукка коркунучтар сакталууда.

Ооганстандагы уланып жаткан туруктуу эмес кырдаал мунун негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Биз Ооганстанга кошунабыз, ошондуктан бул өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кайдыгер боло албайбыз.

Биз Ооганстан Ислам Республикасынын өкмөтүнүн жана элинин туруктуулукту орнотууга, коопсуздукту камсыз кылууга, терроризмге, экстремизмге жана баңгикылмыштарга каршы турууга, ошондой эле бул өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерин колдойбуз.

Кыргызстан Ооганстан боюнча интеграциялык, экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-комуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар өнөктөштөр менен тыгыз иштешүүгө даяр.

Тактап айтканда, биздин өлкө „CASA-1000“ энергетикалык долбоорду тез арада ишке ашыруу үчүн аракеттенүүдө. Бул долбоорду ишке ашыруу башталгандан тартып, Тажикстан менен бирге Ооганстанга жана Пакистанга электр кубаттуулугун экспорттойлу деген ниетибиз бар.

Урматтуу коллегалар!

Жакынкы Чыгыштагы окуялардын учурунда региондо тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ.

Акыркы бир нече жылдын ичинде, Сириядагы, Ирактагы жана Ооганстандагы окуяларга байланыштуу региондогу өлкөлөрдүн жарандарынын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы өсүүдө.

Мекендештерибизди жалданма террорчулардын катарына азгырып, үгүттөө иштеринин активдешкени бизди тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террористтердин башка региондорго келип, кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышы бизди өзгөчө кооптондурат.

Борбор Азияда буга эч убакта жол бербешибиз керек.

Өздөрү туулуп-өскөн өлкөлөргө кайтып келип жаткан адамдарга карата тийиштүү аракеттерди көрүү үчүн ШКУнун алкагында кординацияланган чараларды кабыл алуу зарыл деп эсептейбиз.

Ушуга байланыштуу кыргыз тарап ШКУга мүчө мамлекеттердин 2019-2021-жылдарга карата терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө кызматташуу Программасынын бекитилишин кубаттайт.

Урматтуу коллегалар!

Биз Сириядагы кризисти тынчтык саясий процесс жолу менен гана чечүү зарыл деген позицияны тең бөлүшөбүз.

Биз эл аралык тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн башкы жоопкерчиликти мойнуна алган орган катары БУУнун жана анын Коопсуздук Кеңешинин негизги ролун бекемдөөнү жактайбыз.

Урматтуу достор!

Биргелешкен ишмердигибиздин маанилүү багыттарынын бири болгон соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү биздин Уюмду мындан ары бекемдөөгө өбөлгө болоору күмөн туудурбайт.

2018-жылдын октябрь айында өкмөт башчыларынын жолугушуусу болот. Бул жолугушуу экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнүн багыттарын так аныкташы керек. Соода-сатык, инвестициялар үчүн шарттарды жакшыртуу, ошондой эле конкреттүү экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго дем берүү зарыл.

Экономикалык кызматташтыкка ШКУга байкоочу-өлкөлөрдүн бизнес-коомчулуктарын активдүү тартуу керек деп ойлойм. Бул ШКУга байкоочу-мамлекеттер менен кызматташууну бекемдөө тууралуу биздин жалпы умтулуубузга дал келет.

ШКУ аймагында айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн эң жаңы технологияларын колдонуу менен атайын айыл чарба технологияларынын парктарын тузүү боюнча долбоорлорду изилдөө керек деп эсептейбиз.

ШКУ аймагында экономикалык долбоорлорду илгерилетүү үчүн кыргыз тарап Уюмдун финансылык механизмин — Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондун тезирээк түзүүнү жактайт жана Кыргыз Республикасынын территориясында ШКУ банкын ачуу маселесин талкуулоо жана макулдашуу процессин улантууну сунуш кылат.

Биз „Бир алкак — бир жолду“ Евразия экономикалык биримдиги менен иш жүзүндө байланыштыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшүбүз керек.

Эл аралык автомобиль ташуулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө Келишимдин күчүнө кириши биз үчүн чоң мааниге ээ.

Ошол эле учурда биз „Транспорттук жеткиликтүүлүк жана транспорттык байланыштарды жакшыртуу үчүн автомобиль жолдорун өнүктүрүү Программасынын“ кабыл алынышын тездетүү зарыл.

Кыргызстан ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу жогорулата турган „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолун курууну тезирээк баштоого кызыкдар.

Региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында региондордун жетекчилеринин Форумунун биринчи жыйынын 2018-жылы Россия Федерациясында өткөрүү сунушун колдойбуз.

Тажрыйба, маалымат жана маалыматтык-коммуникациялык чөйрөдөгү алдыңкы практика менен алмашуу боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүү экенин белгилейбиз.

Мындан тышкары, биз ШКУ аймагында экологиялык тең салмактуулукту сактоо жана келечек муундар үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтирүү зарыл деп эсептейбиз.

Бул жаатта биз курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө кызматташуу Концепциясын колдойбуз.

БУУнун Нью-Йоркто өткөн жылдагы Башкы Ассамблеясында Кыргыз Республикасы тарабынан Борбор Азиядагы уран калдыктары сакталган объектилердеги көйгөйлөр боюнча жогорку деңгээлдеги Атайын кеңешме өткөрүлгөн.

БУУнун жакында боло турган Башкы Ассамблеясында бул проблема боюнча резолюция кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндө биздин демилгебизди колодоо өтүнүчү менен кайрылгым келет.

Урматтуу коллегалар!

Кыргызстан өлкөлөрүбүздүн элдеринин өз ара ымаласы бекемделип жана жакындашынын кызыкчылыгында жемиштүү маданий-гуманитардык кызматташууну колдоого алат. Ошону менен бирге жаш муун арасында иш жүргүзүүгө, алардын руханий жакындашуусуна жана алар „шанхай демин“ өздөштүрүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Жаш муундун арасында диалогду бекемдөөдө маданий-массалык иш чаралар маанилүү милдет өтөйт деп ойлойм.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары диний аралык жана маданият аралык диалогдун, тынчтык үчүн өз ара түшүнүшүүнүн, жана кызматташуунун каражаты катары таанылган.

2018-жылдын 2-8-сентябрында Кыргызстанда, касиеттүү Ысык-Көлдүн боюнда Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк Үчүнчү оюндары өткөрүлөт.

Оюндардын программасы спорттун этникалык түрлөрүн, этнофестивалды жана илимий пикир алмашууларды кучагына камтыйт. Жагдайдан пайдаланып, улуттук спорттук командаларды, ШКУнун өлкөлөрүнүн маданий өкүлдөрүн бул кайталангыс эл аралык окуяга катышууга чакырып кетем.

Урматтуу достор!

Кыргызстан тарап 2017-2018-жылдары ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинде кытай тараптын төрагалыгынын жыйынтыгын жогору баалайт. Кытай бир катар иш чаралардын комплексин мазмундуу жана эң жогорку деңгээлде уюштурду, бир катар максаттарды алдыга жылдырууга дем берди, бир топ жаңы маанилүү механизмдерди демилгеледи.

ШКУнун эрежелерине жана жол жоболоруна ылайык, бул жыйындын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасы 2018-2019-жылдары ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалыкты кабыл алууга жана Уюмдун мындан аркы өнүгүшүнө өзүнүн татыктуу салымын кошууга даяр экендигин билдирет.

Биз өз ара ишенимди жана түшүнүшүүнү, конструктивдүү жана жемиштүү кызматташууну, ШКУ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосунда достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө умтулабыз жана мамлекет башчыларынын кезектеги саммитин 2019-жылдын 14-15-июнунда Бишкекте өткөрүүнү сунуш кылабыз.

Кыргыз Республикасынын төрагалык кылган мезгилде ШКУну 2025-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясынан келип чыккан милдеттерди ишке ашырууга жана башка маанилүү программалык документтерге көңүл бөлөт.

Экономикалык маселелерге өзгөчө басым жасоого, артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ШКУнун Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүүнү алдыга жылдыруу, эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл деп эсептейбиз.

Биз мындан ары дагы экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү максатында „Бир алкак — бир жол“ демилгесин колдоого алабыз.

Бул контекстте „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолунун курулушу долбоорун ишке ашырууну тездетүү биз үчүн абдан маанилүү.

Өлкөлөрүбүздүн региондорун экономикалык кызматташуу процессине активдүү тартуу максатында ШКУнун региондор башчыларынын Форуму (губернаторлор Форуму) аянтчасын пайдалануу менен көп тармактуу регионалдык байланыштарды өнүктүрүү зарыл деп эсептейбиз.

Ошону менен бирге терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана чек аралар аралык уюшкан кылмыштулукка каршы күрөштө ШКУ мүчө мамлекеттеринин өз ара кызматташуусун өнүктүрүү жана чек аралар чектешкен райондордо ишеним чараларын мындан ары бекемдөө маанилүү милдет боюнча калууда.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Кыргыз Республикасы Уюмдун баалуулуктарын бекем сактай тургандыгын жана „шанхай демин“ бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө мындан ары да салым кошууга даяр экендигин дагы бир ирет ырастап кетким келет.»

Пикир

Оставить комментарий