• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков ШКУ саммитинин алкагында үч өлкөнүн лидерлери менен жолугушат

Саясат 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон жана Монголиянын лидери Халтмаагийн Баттулга , ошондой эле Индиянын премьер-министри Наренда Моди менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, жолугушуулар Кытайда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин саммитинин алкагында болот.

Саммит 9-10-июнь күндөрү Циндао шаарында өтөт.

“Алдыда күтүлүп жаткан ШКУ саммитине биринчи жолу толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алынган Индия менен Пакистандын жетекчилери катышат, алар бул статуска былтыр ээ болушкан. Мамлекет башчылар кеңешинин тар жана кенен курамдагы жыйынында Шанхай Кызматташтык уюмунун келечектеги кызматташуу жана өнүгүүсүнө багытталган маселелер талкууланат. Андан тышкары, саясий, экономика, маданий-гуманитардык, коопсуздук жана тышкы байланыш боюнча документтерди бекитүү пландалууда”,-деп билдирди Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий