• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: ШКУ өз ара түшүнүшүүнүн, биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө

Президент 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. «ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

«Урматтуу Мамлекет башчылары!

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Биздин борбор калаабыз Бишкекке кош келиңиздер.

Саммиттин бардык катышуучуларына жагымдуу жана эсте каларлык маанайды каалайм.

Ири жана жемиштүү даярдыктардын жүргүзүлгөнүн эске алганда биздин бүгүнкү жолугушуубуз ийгиликтүү өтөт деп ишенем.

Урматтуу кесиптештер!

Азыр эле биз ШКУга мүчө мамлекеттердин тар курамындагы жолугушуусунда саммиттин күн тартибин жана кол коюла турчу документтердин тизмесин бекиттик.

Биз Уюмдун ишмердигинин актуалдуу маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмаштык.

2018-жылы Циндао шаарында ШКУ Саммитинде жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн жумуштарды жыйынтыктадык.

Учурдан пайдаланып, Башкы катчы Владимир Имамович Норовго жана бир жыл бою бүгүн кабыл алына турчу документтерди даярдоо боюнча тынымсыз иштегендердин бардыгына ыраазычылык билдирем.

Урматтуу кесиптештер!

Алмашып турган эл аралык абалдын шартында ШКУ дүйнөлүк коомчулукка эл аралык аракеттенишүүнүн жаңы форматын көрсөтүүдө.

Ар бир мамлекет өз добушуна ээ жана чечим биргелешип, консенсус менен кабыл алынат.

Биздин уюмдун ачыктыгы аны башкаларга жагымдуу кылууда.

Жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатат.

Евразиядагы ири территорияны ээлеп, ШКУ Хартиясынын, Шанхай духунун принциптерин карманып, ШКУ келечекте көп полярдуу дүйнөнү курууга аянтча боло алат.

Биз биргеликте Евразиядагы макулдашылган, жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борборун түзүп жатабыз.

Циндаодогу саммиттен бери өткөн убакытты жыйынтыктап, биздин мындан аркы келечекке көз карашыбызды белгилөөгө уруксат этиңиздер.

Өтүп кеткен жыл ШКУнун негизги принциптеринин кыйышпастыгын көрсөттү.

Биз эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатабыз.

Ал толугу менен БУУнун Уставында жана башка документтеринде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган максаттарына жана принциптерине толугу менен шайкеш келет.

Уюмдун ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча активдүү иш жүргүзүлгөн.

Аймактагы коопсуздукту камсыздоо тармагында биз Аймактык Антитеррористтик Структуранын мындан аркы натыйжалуу ишин, 2017-жылдагы экстремизмге каршы аракеттенүү Конвенциясынын күчүнө киргенин белгилей алабыз.

ШКУнун күн тартиби менен БУУнун күн тартибинин жалпы окшоштуктары арбын. Бул коопсуздук маселелери, экономикалык өнүгүү маселелери жана адамдык чен-өлчөм маселелери.

Баңги заттардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөш тармагында эл аралык структуралар, анын ичинде БУУнун структуралары менен дагы натыйжалуу кызматташуу уланууда.

Өткөн жылдын ноябрь айында биз “БУУ жана ШКУ: тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук үчүн кызматташуу” деген жогорку деңгээлдеги атайын иш-чара өткөргөнбүз.

Бул жаатта афган көйгөйүн чечүү маанилүү болуп турат.

Биз бул көйгөйдү чечүүдө афган бийлигинин аракеттерин жана ШКУнун активдүү киришүүсүн канааттануу менен белгилейбиз.

Бул үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөн ШКУ-Афганистан Контакттык топтун кезектеги жыйынынын жыйынтыгында жана бүгүнкү Саммиттин талаасында кол коюла турган Жол картасынын долбооруна дагы таасирин тийгизди.

Экономикалык кылмыштар, адатта, трансулуттук мүнөзгө ээ. Алар баңгизаттарды сатуу, аткезчилик, кылмыштык жол аркылуу табылган кирешелерди адалдоо менен тыгыз байланышкан.

Алар мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

Кыргыз тарап экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун Органын түзүүнү сунуштоодо.

Заманбап шарттарда интернет айдыңынан келип жаткан коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугунун реалдуу коркучунтары болуп эсептелет.

Текшерилбеген, көп учурда алдын-ала калп маалыматтар таркатылып, терс маанай жаратып жатканы көп болууда.

Кылмыштуу, террористтик жана согуштук-саясий максаттарда АйТи технологияларды колдонуу коркунучтары күчөп жатат.

Буга байланыштуу маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ШКУнун күн тартибинин маанилүү маселеси болуп калышы керек деп эсептейбиз.

Санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында аракеттенишүү жана аймактар аралык кызматташуу системасын куруу маанилүү. ШКУга мүчө бир катар мамлекеттердин бул тармакта топтогон чоң тажрыйбасы бар.

Урматтуу кесиптештер!

Кыргызстан өзгөчө экономикалык жакка басым жасалган ШКУнун 2025-жылга чейинки Өнүктүрүү стратегиясындагы милдеттерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат.

Байкоочу мамлекеттерди дагы камтыган мамлекеттер аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү маанилүү.

Бул контекстте биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду тезинен ишке ашырууну кубаттайбыз.

ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү, анын ичинде улуттук валюталар менен эсеп-кысап жүргүзүү боюнча консультацияларды улантуу сунушталууда.

Учурда ШКУнун экономикалык мазмунун өнүктүрүүдө чоң ролду Эл аралык ишкерлик кеңеш жана Банктар аралык бирикме ойноп жатат.

Биз өлкөлөрүбүздүн ишкерлеринин иштиктүү кызматташтыгын тереңдетүү боюнча практикалык чараларды көрүшүбүз керек.

Кызыкдар өкмөттүк структуралардын жана бизнес-чөйрөлөрүнүн интеграциялык потенциалга ээ биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышуусун кубаттоо зарыл.

Аймактык кошумча нарк чынжырчасын түзгөн өндүрүштөрдү кубаттоо маанилүү.

Агрардык секторду өнүктүрүү, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, жашыл экономика – биздин биргелешкен ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.

ШКУнун аймактык экономикалык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык байланыштарынын кеңейтүүнү маанилүү деп эсептейбиз.

Бул жаатта «ШОС-ЕврАзЭС» форматында кызматташууну ишке ашыруунун келечеги кең болууда.

Соода-сатык-экономикалык жагын бекемдөө максатында биз “ШКУ: кызматташуу чектерин кеңейтип” бизнес-форумун өткөргөнбүз.

Ошондой эле Аялдардын форумун жана ШКУ өлкөлөрүнүн Медиа форумун белгилей кетким келет.

Өлкөлөрүбүздүн элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштары мамлекеттер аралык мамилелердин негизи болуп саналат.

ШКУ мамлекеттери ортосундагы туристтик жана гуманитардык алмашуу, маданият жана баалуулуктар менен таанышуу боюнча чараларды көрүү маанилүү.

ШКУнун Жаштар кеңешинин активдүү ишмердиги ШКУнун келечеги ишенимдүү колдордо экенине үмүт жаратууда.

Жалпы глобализациянын маалында заманбап дүйнөнүн баалуулуктарынын маселеси, дүйнө элдеринин жана этносторунун өздүк идентификациясы, алардын адамзат цивилизациясынын тарыхындагы ролу көбүрөөк актуалдуу болууда.

Буга байланыштуу биз ШКУ өлкөлөрүнүн жана Жибек жолу өлкөлөрүнүн маданий-интеграциялык борборду түзүү демилгесин көтөрдүк.

Борборду түзүү ШКУ аймагында маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана күчөтүүгө салмактуу салым кошо алмак.

Биздин төрагалык кылуунун алкагында саламаттыкты сактоо, дене тарбия жана спорт тармактарында кызматташуубуз кошумча демге ээ болду.

Куньмин жана Ысык-Көл ШКУ марафондорунун ортосундагы тыгыз байланыштардын түзүлгөнүн канааттануу менен белгилейм.

Биздин төрагалык кылуунун башкы маселелеринин бири – ШКУга мүчө мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташуунун механизмдерин түзүү. Бул аталган тармакта биргелешкен ишмердиктин ири потенциалын ачууга жардам берет.

Алдыдагы жыл мааракелик дата – ШКУнун 20 жылдыгына даярдык болуп калышы керек.

Жаңы 10 жылдыкка ШКУ прагматикалык, динамикалык жана жаратман уюм болуп кирет деген үмүттөмүн.

Сөзүмдүн аягында ШКУгао төрагалык кыла турган Россия тарапка чоң ийгиликтерди каалагым келет. Биздин Уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз.”

Пикир

Оставить комментарий