• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Күн тартибинде документтердин чоң топтому бар, эң маанилүү пункттарынын бири — ШКУнун Бишкектеги Саммитине даярдык.

Мамлекет башчысы ШКУ бүгүнкү күндө ар кайсы тармактарда өз ара аракеттенишүү жана кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптанганын белгиледи. Өз ара мамилелерде «Шанхай духу» бекем калыптанды.

«Бул жөн гана декларация эмес, өз ара ишенишүү, тең укуктуулук жана урматтоонун чыныгы иштеген принциби. Кыргыз тарап ШКУнун алкагында көп тараптуу аракеттенишүүнү тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Биз саясий тармакта кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, коопсуздукту жогорулатууга, ШКУнун соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жактарын активдештирүүгө даярбыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент баса белгилегендей, Уюмга төрагалык кылууда Кыргызстан шериктештиктин практикалык жагын өнүктүрүүгө күч жумшаган. Бул — саясат, экономика, коопсуздук тармактары, маданий жана гуманитардык байланыштар жана ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты алдыга жылдыруу. Кыргызстанда жана ШКУга мүчө башка мамлекеттерде министрлик жана эксперттик деңгээлдеги жыйындар өттү.

Мамлекет башчысы өлкөдө акыркы айларда болуп өткөн иш-чараларды санап өттү. Бул ШКУга мүчө мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын, коргоо министрлеринин, баңги заттарга каршы ведомстволорунун башчыларынын жолугушуулары. Экономикалык жагын бекемдөө үчүн ШКУ алкагында Бишкекте Бизнес-форум өттү. Элдердин достугун жана маданий интеграциясын өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн жээгинде ШКУ-Жибек жолу эл аралык марафон өткөрүлдү. Аялдардын форуму өтүп, ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун өтүшү күтүлүүдө.

«Циндаодогу Саммиттин коюлган милдеттери пландуу ишке ашууда. Дүйнөлүк саясат жана экономикадагы жүрүп жаткан процесстердин алкагында ШКУнун мындан аркы өнүгүүсүнүн милдеттерине жетүү боюнча жумуш жүргүзүлүп жатат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал ШКУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бул маанилүү тармакта байланыштарды түзүү жана бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушууда ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж, Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Пакистандын тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов сөз сүйлөштү.

Алар Кыргызстан ШКУдагы төрагалыгы астында чоң иштерди жасаганын белгилешип, алдыдагы ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Бишкектеги Саммити өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин бекемдеп, бардык тармактарда көп тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын ШКУда төрагалык кылуусунун жүрүшүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттер башчыларына жылуу каалоо-тилектерин айтып, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий