• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков Шри-Ланканын президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Паллеуатте Гамаралаге Майтрипала Япа Сирисенаны Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — Улуттук майрамы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — Улуттук майрамы менен куттуктайм.

Кыргызстан менен Шри-Ланканын достук жана кызматташтык мамилеси биздин элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда андан ары өнүгөт деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана бакты–таалай, ал эми Шри-Ланка элине тынчтыкты жана өркүндөөнү каалаган менин чын дилден чыккан тилектеримди кабыл алыңыз», — деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий